Дүйнөдөгү эң эле жакыр 47 өлкөгө азыркы пандемиянын оор шартында 5,7 миллиард доллар өлчөмүндөгү карыздарын төлөбөй турууга уруксат беришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларга шилтеме берүү менен lenta.ru жазып чыкты.
Карыздарды төлөбөй турууга мүмкүндүк берүү дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин G20 жыйынынын демилгеси болду. Бул демилге пандемияга каршы күрөшүү чараларынын алкагында быйыл апрель айында кабыл алынган.
Буга чейин дүйнөлүк өз ара карыздардын көлөмү жыл аягына барып рекорддук 277 триллион долларга жетерлиги, ал дүйнөлүк жалпы ички дүң продуктынын 365 пайызына туура келерлиги белгилүү болгон. Ошентип, жылдын акырына чейинки карыздардын көлөмү өткөн жылдын аягындагы көлөмдөн 15 триллион долларга көп болушу күтүлөт. Ал эми өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн карыздары алардын жалпы дүң продуктысынын 210 пайызына барабар.
Мындай өсүп кетүүнүн себебин эксперттер дүйнө боюнча үстөк пайыздын төмөн болушуна байланыштуу мамлекеттердин жана корпорациялардын алган карызынын көлөмүнүн көбөйүп кетиши менен түшүндүрүшүүдө. Ал эми экономисттер болсо, буга байланыштуу дефолттор келип чыгаарын каңкуулашууда.