Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд жашы жете элек алты баласы бар билим жана илим министри Майлис Репсти балдарын кызматтык унаада ташыганы үчүн кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен interfax.ru жазып чыкты.
Министр Майлис Репс өткөн жума күнү балдарын мектепке жана ийримдерге кызматтык унаада ташыганы үчүн жабалактап сындап чыккан массалык малымдоо каражаттарынан улам кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. “Мен министрдин жана эненин ордун айкалыштырууда өтө кыйынчылыктарга кабылдым. Мен катачылыкка жол бергенимди моюнга алам, ошону үчүн кечирим сурайм”, — деп социалдык тармактарга жазган. Ал балдарынын жайбаракат турмушта болушун, жакшы тарбия алышын көздөй турганын билдирген.
Өлкөнүн премьер-министри Юри Ратас өкмөттү нукура компетенттүү, өзү башкарган чөйрөнүн майда-баратынан бери жакшы билген, өз ишине берилген, мээнеткеч министр кызматтан кетип жатканына кейигенин билдирди. Анткени Репс билим берүү жана илим министрлигин төрт жолу башкарган, парламенттин мүчөсү болгон, өлкөдөгү башкаруучу партиянын башкармалыгынын мүчөсү эсептелет. Өзүнүн коом алдындагы жоопкерчилигин сезип, кетүү чечимин кабыл алды. Эми ал парламенттин депутаты катары ишин улантмакчы.
Эстониядагы Ohtuleht гезити Репстин жана анын үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча үч күн бою иликтөө салып, анан кызматтык унаада балдарын мектепке жана мектептеги ийримдерге кантип ташыганы тууралуу фотолорду жарыялап чыккан. Коомчулукта министрдин жүрүм-турумуна да, гезиттин аракетине да ар кандай пикирлер пайда болгон.