Ноокенде “Ассалам” фонду курган даяр мектеп эки жылдан бери пайдаланууга берилбей, бош турат.
Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында мындан дээрлик эки жыл мурда, тактап айтканда 2017-жылдын октябрь айында жаңы мектептин ачылышы болгон. Жүз жетимиш орундуу жатак мектеп чет элдик демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен салынып бүткөрүлүп, “Иса Ахмад ал Ажил” деген ысым ыйгарылган. Ошол кездеги массалык маалымат каражаттарына чыккан материалдарда ага 51 миллион сом каражат кеткендиги айтылган. Демөөрчүлөр айылга бир мечит жана жакыр, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн деп жатак мектеп курушкан. Ачылыш аземине областык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жана жакын арада документ иштери бүткөндөн кийин окуучулар кабыл алына баштайт деп билдиришкен эле. Бирок, дээрлик эки жыл убакыт өтүп, мектеп дагы деле пайдаланууга берилбей бош турат.
Бул боюнча Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкулов бул демилге министрликтин талаптарына ылайык келбегендиктен аны бала бакчага айландырышканын билдирди.
-Балдар үчүн жатак мектепти ачуу билим берүү министрлигинин талаптарына анчалык туура келбейт экен. Министрликтен бизге жатак мектеп эмес, 4 жылдык башталгыч мектеп кылып ачууга уруксат келген. Бирок, андай мектепке бизде муктаждык жок. Быйылкы жылдын башында жатаканасын бала бакча кылып ачууга уруксат алдык. Эми мектептин өзүн деле бала бакча кылууга уруксат сурап жатабыз. Анткени айыл аймак 70 пайызгана бала бакча менен камсыз болгон, муктаждык бар. Качан анык чечилери белгисиз, — дейт ал.
Учурда 90 балага ылайыкташып ачылган бала бакчага 100 бала кабыл алынган.