Кыргызстанда быйылкы жылдын 5-июнунда окулуучу Айт намазы борбордук аянттарда окулбайт. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, жума намазы окулуучу борбордук мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында айтылды. Бул маалыматты областтык казыяттын өкүлү да ырастады.
Өкүлчүлүктүн аппараты район-шаар жетекчилеринен маалыматты элге өз убагында туура жеткирүүгө көмөктөшүүнү кошумчалады.
Эске сала кетсек, Аалымдар кеңешинин чечими менен Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасы 2019-жылдын 5-июнь шаршемби күнүн Орозо айт майрамы деп белгилеген.