Россия менен Кытай азырынча өз ара соода эсептешүүлөрүн улуттук валюталары – рубль жана юань менен жүргүзө алышпады, доллардан баш тартып кетүүнүн мүкүнчүлүгү болбоду. Бул тууралуу Центробанктын маалыматтарына таянып, орус айттары жазып чыгышты.
Мурда россиялык саясий-ишкер чөйрөлөрдө доллардан баш тартуу жана өз ара соода жүгүртүүлөрдү улуттук валюталар аркылуу алып баруу идеясы айтылган. Бирок иш жүзүндө андай болбоду, учурда орус-кытай соода алмашуусунун жалпы көлөмүнүн 17 пайызы гана рубль жана юань аркылуу жүргүзүлүүдө. Анан калса, 2018-жылы акыркы төрт жыл ичиндеги улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн көбүрөөк төмөндөп кетүүсү байкалган. Анткени, 2017-жылы улуттук валюталар аркылуу эсптешүүнүн көлөмү 18,3 пайызга жеткен болчу.
Деген менен, бул өлкөлөрдөгү соода байланыштарында улуттук валюта активдүү боло албаганы менен евронун активдешкени байкалат. Анын өз ара соода жүргүтүүдөгү үлүшү 2018-жылы 5,3 пайыздан 7,3 пайызга жогорулады.
Жалпысынан алганда 2018-жылы Россия менен Кытайдын ортосундагы соода алакалары 2018-жылы 24 пайызга же 114,2 миллиард долларга өскөн. Анын ичинен товарлардын нарк колөмү 108,3 миллиард доллар болду.