Кыргызстандын көз карандысыз экологиялык уюмдары Ош шаарынын абасы жыл өткөн сайын бара-бара өтө кирдеп бараткандыгын аныкташып жана жумурай журтчулукка ачыкташып, булганычтан чукул арада кутулуу максатында чогуу-чараан аракеттенүү үчүн коңгуроо да кагып жатышат. Ал эми жергиликтүү бийлик бул абдан олуттуу көйгөйдү азыр гана моюндап, проблемалардан жакынкы жылдарда кутулуунун интенсивдүү аргасын издеп атышкандыгын үстөккө-босток убадалашууда.
Өткөн 2021-жылы айтылуу Mere Green экологиялык жаштар кыймылы Ош шаарына үч заманбап өлчөөчү жабдык орноткон эле. Бул аппараттар зыяндуу РМ 2,5 заттарынын бөлүкчөлөрүн дароо аныктап, а түгүл аларды даана дагы көрсөтүп турат. Аталган маанилүү жабдык Ош калаасынын Инновация жана лидер академиясында, борбордук базарда жана Жапалак айыл башкармалыгында жайгаштырылган. Булар Бишкек шаарына караганда Ош калаасында соңку тапта адамдар дем алып жаткан аба аябай булгангандыгын, мындайча айтканда, өлө кирдегендигин тастыктап олтурат.
-Ош шаарынын мынчалык бат булганышына эки маанилүү фактор түздөн-түз кесепетин тийгизип жаткан чагы. Биринчиси, жеке секторлордо, айрыкча тандырканаларда, самсаканаларда жана шашлык бышыруучу жайларда көмүр абдан көп жагылат. Экинчиси, автоунаалардын басымдуу бөлүгү газ менен жүрөт, — дейт Кыргызстандагы Mere Green экологиялык жаштар кыймылынын жетекчиси Мария Колесникова. — Үчүнчүдөн, Ош шаарынын эң чекесиндеги таштанды полигону дагы күнү-түнү түтөп турат. Анткени, бул аймакка жыл сайын жок дегенде 420 миң тонна акыр-чикир төгүлөт.
Ал эми белгилүү эколог, Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдыжапар Аккулов мындай кырдаал Ош шаарында көптөгөн жылдардан бери топтолгондугун, ал акыркы кезде улам курчуп бараткандыгын моюндады.
-Карасаңыз, Ош шаарынын булуң-бурчу жеке секторлорго таандык. Азыр көмүрдү күнү-түнү үзгүлтүксүз ошолор жагып жатышат, — дейт ал. — Кашайып жеке мончолор дагы калаабызда уламдан улам арбып баратпайбы. Менин билишимче, булар дагы “кара алтынды” байма-бай урунушат. Кээде текстиль ишканасынын калдыктарын, желимдерди жана баллондорду тынымсыз жагып келатышат. Бирок, булардын баары тең сапатсыз жана түтүнү айлана-чөйрөнү абдан тез булгашат.
Абдыжапар Аккулов жердештеринде атаандаш, бирок, таптакыр зыянсыз жолду тандоо мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экендигин кошумчалады:
-Маселен, Ак-Тилек кичи районунда төрт модул откана бар. Ушул тапта ар бир кварталга бирден модул откана орнотуу мерчемделип жатпайбы. Ошондо бул экологиябызга ыңгайлуулук гана жаратат. Тазалык дайыма бекем сакталат. Жылуулук бир калыпта таратылат. Эң башкысы, бул отканалар электр энергиясы менен үзгүлтүксүз иштетилет.
Ал эми Кыргызстандагы Mere Green экологиялык жаштар кыймылынын жетекчиси Мария Колесникова муну үчүн жарандар арасында улуттук маалымат өнөктүгүн такай жүргүзүүгө кызыкдар.
-Бул тирүүчүлүктө чечилбес маселе болушу дегеле мүмкүн эмес! – дейт ал. — Маселен, Монголиянын башкалаасы Улан-Батор шаарында көмүрдөн брикеттелген отунга өтүшүптүр. Анан дагы “кара алтын” жаккандар милдеттүү түрдө айып пул дагы төлөшөт экен. Айрыкча кышкы жылытуу өнөктүгүнүн жүрүшүндө электр энергиясын пайдаланууда жарандарга бир катар жеңилдиктер да каралыптыр. А түгүл мамлекет өзү буржуй-отканаларды Өкмөт казынасынан субсидициялап турат. Ошол себептүү аталган өлкөдө таза абанын булганышынын көлөмү — РМ 2,5 концентрациясы дээрлик азайып олтурат.
Айтмакчы, ушул тапта Ош калаасында 84 откана бар. Булардын баарында тең көмүр жагылат. Ош шаарынын мэриясы быйыл бул отканаларда фильтрлөөчү жабдыктарды жаңылап, заманбап насосторду дагы орнотуунун камын катуу көрүүдө.
-Биринчиден, Ош шаарында мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү салбаган Башкы планды иштеп чыгып жатабыз. Анткени, көп кабаттуу турак жайлар тынымсыз сокчу шамалды кадимкидей тосот экен. Экинчиден, мыкты электробустарды, автобустарды сатып алууну мерчемдеп жатабыз. Анткени, булардын баары тең газ менен жүрөт. Үчүнчүдөн, ордо калаабыздын чекесинде таштанды полигонун куруу маселеси негедир кечеңдетилип жатат. Ошондуктан, муну быйыл апрелден баштап тикелөө ниетибиз бар. Ошондо гана түтүндөн, ыштан биротоло арылабыз. — деп ишендирет Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.
Биз билгенден Ош шаарынын мэриясы таштанды полигонун он жылдан бери кура албай, шаардыктарды мукураткан чагы. А түгүл Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган полигондун курулушуна жетээрлик грант жана кредит ажыраткан эле. Бирок, калаа жетекчилиги таштанды полигонуна ылайыктуу жер таппагандыктан, бул курулуш уламдан улам кечеңдетилип келатат. Соңку кездерде Ош шаарынын мэриясы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы дагы эле бир орток пикирге келе албай жатышкандыгы ачыкталып олтурат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош шаары.