Сузак районунун Кара-Дарыя айылында кичи суу электр станциясын куруу аракеттери башталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борборунан билдиришти.
Алынган маалыматтарга караганда, Жалал-Абад шаарынын тургуну, “Амазон” жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкери, жеке ишкер Өмүрбек Төлөнбаев Кара-Дарыя айылындагы каналга кичи ГЭС куруу ниетин билдирип кайрылган.
-Бизге аталган ишкер кичи ГЭС куруу ниетин билдирип, илимий корутунду берүүнү суранган. Биз, илимий кызматкерлер Кара-Дарыя айылына барып, ошол айылдан Базар-Коргон районуна агып өтүүчү каналдын кичи ГЭС куруу пландалган участогун байкоого алдык. Негизинен ал жерге кичи ГЭС курса болот экен, тийиштүү корутунду даярдадык, — дейт Жалал-Абюад илимий борборунун “Жашыл энергетика” лабораториясынын башчысы Абдисатар Досбаев.
Илимий кызматкерлер кичи ГЭС курулуучу участок сел жана башка кырсыктарга тушукпай турганын, бардык тарабынан ылайыктуу экенин аныкташкан. Ошондой эле кичи ГЭС куруу жана иштетүү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт, кайсы бир коммуникация жана айыл чарбасына да тоскоолдук кылбайт. Климаттык терс таасирлери жок.
-Каналдан суу кышындасы секундасына 0,5 кубометр, ал эми жайкы сугат маалында 10 кубометр көлөмүндө агат экен. Анан калса, айылда жылдын жылуу мезгили 210-235 күндү түзөт, ал эми жылдык жаан-чачын нормасы 350-600 миллиметрге жетет. Эгер бул жерге кичи ГЭС курса, саатына 500дөн 1000 киловаттка чейин электр тогун өндүрүүгө болот. Биз оң маанидеги корутунду даярдап, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барууну сунуш кылдык, — дейт А. Досбаев.
Жеке ишкер Ө. Төлөнбаев Кара-Дарыя айылында буга чейин кичи ГЭС курулбаганын айтат.
-Эгер биздин максат ишке ашса, бул айылда биринчи жолу кичи ГЭС курулуп, элге кызмат кылмакчы. Электр тогун керектөөчүлөр негизинен айылдын тургундары болот. Андан калса, кошумча энергия булагынын шарапаты менен жеке ишкерлер майда ишканаларды ачып иштетишет деген үмүт бар. Дагы бир нерсе, биз кичи ГЭСти кышындасы гана иштетебиз, анткени жайында суу сугат иштерине гана пайдаланылат. Ошентип, биз кышындасы айыл тургундарын электр тогу менен үлгүлтүксүз камсыз болушун көздөйбүз, ошол эле кезде айыл чарбасына тоскоолдук жасабайбыз, — дейт Ө. Төлөнбаев.
Жеке ишкердин айтымында, кичи ГЭСти курууга кете турган каражаттын көлөмү тандалып алынган жабдууга жана аны орнотуу жана ишке салуу жумуштарынын көлөмүнө ылайык аныкталат. Ал эми анын рентабелдүүлүгү азыраак жана өзүн актоо мезгили узагыраак. Себеби кичи ГЭС сугат иштери жүрбөгөн мезгилде гана иштейт.
Эми Жалал-Абад илимий борборунун корутундусу аркылуу Сузак сугат тармактар башкармасы, Кара-Дарыя айыл өкмөтү менен өз ара келишим түзүп, иш алып баруу зарылдыгы турат.