Ушугезде чындап эле анклавга айланган Алмалык айылы тээ өткөн кылымдын 1968-жылында Ноокат районунун карамагынан Ош шаарынын энчисине биротоло өткөрүлгөн. Тилекке каршы, дал ошондон бери кайран кыштак оңчулуктуу каралбагандыктан, дагы эле арабөк калып, анын эң олуттуу социалдык көйгөйлөрү бир жаңсыл чечилбестен келатат. Муну эми гана туптуура аңдашкан Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов экөө биргеликте аталган анклавдын жашоочулары менен бетме-бет жолугушуп, жергиликтүү калктын муң-зарын кунт коюп тыңдашты.
Авазбек АМАНОВ, Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну: — Жашырып не. Бизди Ноокат райнонунан ажыратып, андан ары Ош шаарынын кошкондон бери дегеле жыргап кеткен жокпуз! Эки ортодо моминтип өлө кыйналып-чайналып бүттүк. Иш жүзүндө Кыргызстандын түштүк башкалаасына расмий түрдө караганыбыз менен биздин бүт документациябыз дагы эле Ноокат районусуз таптакыр эле бүтпөйт. Мына сага абсурд. Анан дагы Ош шаарынан биздин айылыбызга дагы эле түптүз коомдук автотранспорт деген каттабайт. Ары-бери каттаган ар машинеге кол көтөрүп, эптеп чиркешип өйдө-төмөн чапкылап жүрүп аябай курудук.
Элдияр РАХМАНБЕРДИЕВ, эмгек ардагери: — Айланайындар, Кыргызстанды түрө кыдырсаңыз таза суу ичпеген айыл дегеле калган жок. А биз болсо, өлкөбүздүн экинчи борборунда жашап туруп, дагы эле таза сууга жалчыбадык. Таптаза тундурулган сууну күн сайын Ош шаарынан сатып алып, ташып ичип жатабыз. Муну биз кадырлуу конокторубузга айтсак, ишенишпейт, алар көчүгү менен күлүп жатышпайбы…
Бегай АБДИМАМАТОВА, көп балалуу эне: — Каа-аап! Азыркы муун муну билбей калбадыбы. Тээ союз маалында бул жерде күжүлдөп иштеген көмүр шахтасы бар эле. Андан үзгүлтүксүз “кара алтын” казылчу. Ошондуктан, Совет өкмөтү кенчилерге такай камкордук көрүп, бизге — шахтада иштегендерге мобул заңгыраган үйлөрдү кыдырата салып, бекер эле тартуулаган. Эки карасаңыз? Шахта эбак жабылган. Ал эми жумушчулар дагы эле ошол үйлөрдө жансактап келатабыз.
Кубаныч ДҮЙШӨНБАЕВ, Алмалык айылынын жашоочусу: — Эң эле кызык жери, кыштагыбыз жайгашкан жер бүтүндөй түздөн-түз Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөтүнө карайт. Ошондуктан, үйлөрүбүздү мыйзам чегинде документтештирели десек, тигилер “Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматына кайрылгыла” деп кутулушат. Ал эми ылым санап буларга — Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматына барсак, “Силер Ош шаарынын карамагына толук бойдон өтпөпсүңөр!” деп, бизди мукуратып бүтүштү.
Сонунбү КОШУЕВА, Ош шаарына караштуу №25-Алмалык орто мектебинин мугалими: — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биздин мектепти “Пайдаланууга жараксыз” деген корутундусун колубузга карматкан. Анткени, биздин агартуу мекемебиз өткөн кылымда — СССРдин тушунда, тактап айтканда, 1979-жылы фин тибинде убактылуу эле урунуу үчүн гана курулган. Өзүңүздөр көрдүңүздөр го. Эми моминтип кулаганы араң турат. Ошентсе дагы эптеп-септеп балдарды окутуп келатабыз. Кудай сактасын, кокустук болуп, мектебибиз куласа, буга ким жооп берет?
Рыспай АРАПБАЕВ, эмгек ардагери: — Ыя, айланайындар, Кыргыз Өкмөтү бизди ушинтип дагы шылдыңдайбы жана кордойбу? Жерибиз — Ноокат районунуку, ал эми элибиз — Ош шаарына карайт. Бул маселени убагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, Ош облусунун ошогездеги губернатору Сооронбай Жээнбеков алмалыктыктар менен бетме-бет жолугушканда бир жаңсыл чечишип, а түгүл талашка биротоло чекит коюшкан эле. Анан дагы үйлөрүбүздү ыкчам документтештирүү маселесин тиешелүү мамлекеттик кызматтарга дагы абдан катуу табышташкан. Тилекке каршы, ошондогу убадалардын бири дагы эмдигиче негедир аткарылган жок!
Айтмакчы, жогоруда биз санактаган көйгөйлөрдүн туптуура экендигин Алмалык айылынын башчысы, кызматын 40 жыл бою аркалаган Кудайберди Маматов дагы акыры ырастады.
Кудайберди МАМАТОВ, коомдук ишмер: — Алмалык айылын 1968-жылы Ош шаарына расмий түрдө бөлгөндө аны менен кошо 23 гектар аянт дагы бүтүндөй бизге энчиленген. Тилекке каршы, Ноокат районунун акимчилиги жана районго караштуу Зулпуев айыл өкмөтү аталган аянтты бизге эмдигиче ыроолобостон, мыйзамдуу 23 гектар жерибизди бизден талашып келатышат. Мунун кесепетинен социалдык көйгөйлөрүбүз көбөйдү. Катарынан үйлөнүшкөн уулдарыбызды бөлөк турак жайга бөлүүгө жарабай, түйшүгүбүз түмөндөдү. Өзү Алмалыкта ушул тапта 170 кожолук, мындача айтканда, 1900 калк жашаса, булардын 1000 чактысы жумуш издешип, Орусия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнө тентип кетишти. Буга улай бир дагы үй-бүлө бала-чакасына эмдигиче Кыргыз Өкмөтүнөн пособие дагы ала алышпай убара…
Алмалыктыктардын муң-зарын катарынан дыкаат тыңдаган Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов буларды убадалады:
— Буга дейре Алмалык айылы жайгашкан жерди Ош шаарынын аймагына биротоло өткөрүү маселеси Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинин сессиясында каралып, жергиликтүү кеңештин колдоосун тапкан эмес. Биз ушул тапта бул көйгөйдү дагы бир ирет караштырып, оң жагына жайгаруу аракетиндебиз.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алмалык кыштагынын тургундарынын көйгөйлөрүн тыңдап, мындан ары булардын талабын аткаруу боюнча чукул аракеттер жасалаарын катуу убадалады:
— Алмалык айылынын тургундарынын катталган жери Ош шаарына, ал эми айылдын аймагы бүтүндөй Ноокат районуна карайт экен. Жер мындан ары районго карайбы, же биротоло шаарга карайбы, биз элдин көйгөйүн сөзсүз чечип, талаптарын токтоосуз аткарышыбыз кажет. Мен, албетте, элдин — алмалыктыктардын талабын толук бойдон кубаттап, аларды кыйшаюусуз аткарууга бардык күч-аракетимди жумшаймын.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.