www.versia.kg
Четверг, Ноябрь 13, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

БАЗАР-КОРГОН: ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ БОЮНЧА КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАР ТОКТОЙ ЭЛЕК

29.05.2019
0 0
0
SHARES
468
Просмотры
Бөлүшүү

Тээ 2012-жылы Жаратылыш коругу болуп түзүлгөнгө чейин Базар-Коргон районундагы Дашман аймагында жергиликтүү тургундардан  200дөй ижарачылар болуп, алар өз тиричилигин өткөрүп келишкен. Бүгүнкү күндө тургундар менен корукчулардын ортосунда карама-каршылыктар жок эмес. Бул тууралуу аталган жаратылыш коругунун жетекчиси Кочкорбай Калдарбаев билдирди.

-Токойду сактап калыш үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп келет. Биздин негизги максат — өзү чыккан токойду сактап калуу, коргоо. Азыркы учурда бул боюнча элдин түшүнүгү жок болуп жатат. 2012-жылга чейин Дашман токой чарбасында жергиликтүү тургундардан 200дөй ижарачылар болгон. Убагында жаңгак менен тиричилигин терметип келишкен, жайыттары болгон. Азыр мал жайышып, биздин жумушчулар менен элдин ортосунда карама-каршылыктар жаралып калууда. Ошондой эле, жаратылыш коругунун аймагында 40ка жакын жер тамдар бар эле. Эми алар эккен терек көчөттөрүн кыйып кеткенге, эгин эккенге мыйзам жол бербейт Мына ушундай жагдайлардын айынан жергиликтүү эл кеңсебизге келип, пикет уюштуруп, биз болсо түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айтор кыйынчылыктар бар. Ошого карабастан токой аянтын мыйзамсызкыркуу учуру катталган эмес. Ошондой эле, парка айландыруу маселеси да көтөрүлүп келет. Жакында эле  Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарынан 50дөй тургун ушул маселе менен борборго чейин барып келишти. Азырынча чечиле элек, — дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу 2012-жылы 12-июлда түзүлгөн. Жаңгак-мөмө токойлорун сактоо максатында жаратылышты коргоочу илимий изилдөөчү мекеме катары түптөлгөн. Ядролук, буфердик жана чарбалык зонадан турат. Корук аймагында жогорку тамырлуу өсүмдүктөрдүн 662 түрү табылган, алардын 4 түрү кызыл китепке кирген. Ал эми канаттуулардын 80 түрү катталган. Сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген кумай, бүркүт, ылаачын, ак канаттуу тоңкулдак, суусар, чүткөр, енот жаныбарлары бар.

Учурда корукта жалпы 14 кызматкер эмгектенет, алардын алтоо кароолчулук милдетти аткарышат.

Мурдагы пост

РОССИЯ: КЫРГЫЗ ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРЫ 23 АЛТЫН МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ  

Кийинки пост

БАЗАР-КОРГОН: “ПАРКТАР МАРШЫ” АКЦИЯСЫ БИЗГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?

Кийинки пост
БАЗАР-КОРГОН: “ПАРКТАР МАРШЫ” АКЦИЯСЫ БИЗГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?

БАЗАР-КОРГОН: “ПАРКТАР МАРШЫ” АКЦИЯСЫ БИЗГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In