Жалал-Абад областы китепкөйлүк боюнча башка областтарга салыштырмалуу алдыда экенин көрсөттү. Мындай пикир “Китепкөй Жалал-Абад” фестивалында айтылды. Ошондой эле фестивалда 2019-жылы Кыргызстан китеп окуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунга чыгуусу керек деген максат коюлгандыгы жана ага жетишебизби деген суроо коюлду.
“Китепкөй Ала-Тоо”, “Китепкөй өлкө” долбоорлорунун алкагында мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жатат. Жалал-Абад шаарындагы фестиваль борбордук стадиондо уюштурулгандыгы жана катышуучулардын саны жагынан өзгөчөлөндү. Семинар өткөн спикерлер маданият жана маалымат, туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, “Энелер мектебинин” негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаевдер да өз сөздөрүндө жаштардын үлкөн тобу стадионго оюн же концерт үчүн эмес, китеп үчүн келгени жакшы жышаан экенин белгилеп кетишти.
Нуржигит Кадырбеков “Буга чейин Нарын областы китеп окууда активдүүлүгүн көргөзүп келген, бүгүнкү иш-чара менен Жалал-Абад алдыга озуп чыктыңар” деп кошумчалады.
Спикер Гапыр Мадаминов китеп окуп баштаганда эмнеге уйку келе берерин жана андан арылуу сырлары жөнүндө өзүнүн 25 жылдык изилдөөлөрүнө таянып сабак өттү.
Ал эми Н. Кадырбеков менен И.Айитбаевдер ийгиликтүүлүк жана тарбиялык маанидеги семинар сабагын өтүшүп, өзгөчө үй-бүлө темасына басым жасашты.
Кошумчалай кетсек, фестивалда китеп жайма базары дагы уюштурулду. Жалпы катышуучулардын саны эки миңден ашты.