Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына 2 миллион 253 миң 500 кубометр суу топтоло турган 5 суу сактагыч курса болот. Анын ирригациялык гана эмес, энергетикалык натыйжалуулугу да жогору, анткени кичи ГЭСтерди куруу менен 13-18 мегаватт/саат энергия алууга болот. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борборундагы “Жашыл энергетика” лабораториясынын башчысы Абдисатар Досбаев КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жолдогон билдирүүсүндө айтылат.
А. Досбаев КР Президентинин областтагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге атайын кат жолдоп, жакында эле анын Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу аракетин колдоо менен бул дарыяга катары менен 5 суу сактагыч куруу мүмкүндүгүн белгилеген. Анын тастыктаганына караганда, аталган дарыянын төмөнкү аймактарына суу сактагычтарды жана ошол эле жерге кичи электр станцияларын да курууга болот:
- Көк-Тоңду айылындагы Талды-Булак участкасына 1 миллион 370 миң 103 кубометр суу баткан суу сактагычын жана саатына 1 мегаватт (1 мегаватт/саат 1000 киловатт/саатка барабар) электр энергиясын алса боло турган кичи ГЭС курууга болот. Буга 10 миллион долларга жакын каражат керек жана ал өзүн 21 жылда актайт.
- Көк-Тоңду айылындагы Таш-Көпүрө участкасына 326 миң 700 кубометр суу баткан суу сактагычын жана саатына 3 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү кичи ГЭС курса болот. Буга 5 миллион долларга жакын каражат керек жана өзүн 5,4 жылда актайт.
- Көк-Алма айылына 550 миң 700 кубометр суу баткан суу сактагычын жана саатына 3-5 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү кичи ГЭС курса болот. Бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыга элек.
- Кызыл-Үңкүр айылына бара бергендеги Чат-Көпүрө участкасындагы Сары-Таш суусуна 952 миң 200 кубометр суу баткан суу сактагычты жана саатына 3-5 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү кичи ГЭС курса болот. Бул долбоордун да техникалык-экономикалык негиздемеси жасала элек.
- Ошол эле Чат-Көпүрө участкасындагы Кызыл-Үңкүр суусуна 433 миң 800 кубометр суу баткан суу сактагычты жана саатына 3-5 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү кичи ГЭС курса болот. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыга элек.
Бул 5 суу сактагычка жылына 2 миллион 263 миң 500 кубометр суу топтолот жана керектөөчүлөр үчүн саатына 13-18 мегаватт (13-18 миң киловатт) электр энергиясы өндүрүлөт. А. Досбаевдин айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу бир эмес, эки тараптуу натыйжа берет.
-Бизде суунун таңкыстыгына байланыштуу суу сактагычтарды куруу зарылдыгы келип чыкты. Област жетекчиси да жакында Кара-Үңкүр суусуна суу сактагыч куруу демилгесин көтөрдү, бул талаадагы эгинди сугат суусу менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Бирок, биз бир гана максатты көздөбөй, бир ок менен эки коёнду атканга аракет кылышыбыз абзел. Биздин долбоорлор суу сактагыч менен кичи ГЭСтерди курууну чогуу карайт, ошентип бир эле убакта талааны сугат суу менен, ал эми керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу мүмкүндүгү жаралат. Кеткен каражат жана мээнет да тезирээк жана толугураак акталат. Ошол эле суу көлмөлөрүнүн боюнча туристтик эс алуучу чакан жана ыңгайлуу объекттерди түзүүгө, кошумча каражаттарды табууга болот, — дейт ал.
А. Досбаевдин пикиринче, тоодон ылдый агып түшкөн сууларды ылдый жактан бөгөп, суу сактагыч куруу менен ГЭС жабдууларын да орнотуу керек. Жайында вегетациялык сезон башталганда сууну түтүк менен талаага жеткирип, сугатка пайдалана берсе болот. Ошол эле убакта жыл бою электр энергиясы да өндүрүлө берет. Бул азыркы сугат жана энергия жаатындагы каатчылыкты жоюуга жардам бере алат. Ошондуктан да мындай курулуштарга кызыгып, конкурска катышкан тараптарга ушундай эки жактуу критерий сунуш кылынганы максатка ылайыктуу.
-Биздин Жалал-Абад областынын аймагында биз белгилеп жаткандай форматта суу сактагыч жана кичи ГЭС куруучу жайлар абдан көп, алардан толугураак пайдаланып калууга аракет кылуубуз керек. Мисалы, Майлуу-Суу шаарына жакын жердеги Даван-Сай суусуна да 3 миллион 149 миң 900 кубометр суу баткан суу сактагычты жана саатына 2,5 мегаватт электр энергиясын өндүрүүчү кичи ГЭСти курууга болор эле. Бул айыл чарбасына да, электр кубатын пайдалануучуларга да зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат, — дейт А. Досбаев.
Эскерте кетсек, айрым илимий маалыматтарда Кара-Үңкүр дарыясы сууну 12 миң 400 чарчы чакырым тоо аянттарынан жыйнап алары, көп жылдык байкоолор боюнча жылдык агымынын орточо көлөмү 3,81 чакырым кубометрге барабар.