www.versia.kg
Понедельник, Июнь 15, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АНЖИЯНДА ASAKA CITY ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

25.05.2020
0 0
0
SHARES
324
Просмотры
Бөлүшүү

Ош жана Жалал-Абад областтарына кошуна турган Өзбекстандын Анжиян областына караштуу Асака районунда Asaka City ири турак жай долбоору ишин баштады. Анын долбоордук наркы дээрлик 100 миллион доллар турат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, долбоордун наркы 98 миллион доллар болуп, курулуш иштерине 7700 киши тартылган. Долбоор алкагында 5 миң үй-бүлөгө заманбап турак үйлөрү курулмакчы. Бул курулуучу комплекс Асака районундагы Чек айылында 45 гектар жерде жайгашкан. Турак үйлөрүн куруу иштери алдыңкы технологиялар менен жүргүзүлөт.

Жалпысынан мында 4631 батири бар 71 көп кабаттуу үйлөр курулат. Долбоордун  курамында 320 орундуу 2 балдар бакчасы, 1500 орундуу мектеп, 250 орундуу оорукана, эс алуу багы, 10 миң чарчы метрлик соода аянты жана башка объекттер бар. Бул долбоордун алкагында өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү жана курулуш иштерин сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздоо багытында 20 миллион долларлык кошумча долбоорлор да ишке ашырылат.

Анын негизинде энергия үнөмдөөчү технологиялардын негизинде курулуш материалдарын жана жабдууларын чыгаруучу завод иштеп, курулуш иштеринин өздүк наркы арзандап, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Деген менен, өндүрүлгөн продукция ички жана тышкы рынокто сатууга да чыгарылат. Ал эми өнөр жай калдыктарын кайра иштетүүчү төрт ишкана жылына импортту алмаштыруучу 35 миң тонна металлды, 5700 тонна кагазды, 4 миң тонна  жыгачты, 1300 тонна пластикалык буюмдарды чыгарат.

Жалпысынан алганда, Asaka City  долбоору 10 миң жумушчу ордун түзүп, калктын социалдык көйгөйлөрүн да чечет. Аны «Узавтосаноат” компаниясы ишке ашырмакчы.

Мурдагы пост

АМЕРИКАЛЫК БАЙЛАР ОГО БЕТЕР БАЙЫШТЫ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: КУРУЛУШКА КАНЧА КАРАЖАТ ЖУМШАЛДЫ?

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: КУРУЛУШКА КАНЧА КАРАЖАТ ЖУМШАЛДЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: КУРУЛУШКА КАНЧА КАРАЖАТ ЖУМШАЛДЫ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In