www.versia.kg
Суббота, Июль 18, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: КУРУЛУШКА КАНЧА КАРАЖАТ ЖУМШАЛДЫ?

25.05.2020
0 0
0
SHARES
170
Просмотры
Бөлүшүү

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Жалал-Абад областында курулуш тармагына жумшалган каражаттардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла азайып кетти. Башкача айтканда, төрт ай ичинде жаңы курулган курулуш объектилерине 2 миллиард 368,3 миллион сом каражат жумшалса, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырма бааларда 84,8 пайызды гана түздү. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.

Деген менен, жогорудагы сумма жалпы республикалык курулуш иштерине жумшалган каражатттардын 9,7 пайызын түзөт. Ошондой эле курулуш иштерине жумшалган каражат жалпы капиталдык салымдын 96,3 пайызына барабар.

Төрт ай ичинде калктын өз каражаттарынын эсебинен 569,4 миллион сом каражат жумшалып, жалпысынан областта 381 турак үйлөрү ишке берилген. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 63,7 пайызды түзөт, же 217 турак үй аз курулган.

Район-шаарлар боюнча алганда, Ала-Бука районунда 60, Аксы районунда 93, Базар-Коргон районунда 22, Ноокен районунда 35, Сузак районунда 38, Токтогул районунда 25, Тогуз-Торо районунда 12, Жалал-Абад шаарында 55, Таш-Көмүр шаарында 30, Майлуу-Суу шаарында 3, Кара-Көл шаарында 8 турак жай бүткөрүлгөн. Курулган турак жайлардын жалпы пайдалуу аянты 41 миң 904 чарчы метрге барабар болуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 миң 629 чарчы метрге аз, же 70,4 пайызына гана жетти.

Мурдагы пост

АНЖИЯНДА ASAKA CITY ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

Кийинки пост

ТӨРТ АЙДА ИНВЕСТИЦИЯ АЗ, ГРАНТ ЖАНА ЖАРДАМ КӨП БОЛДУ

Кийинки пост
ТӨРТ АЙДА ИНВЕСТИЦИЯ АЗ, ГРАНТ ЖАНА ЖАРДАМ КӨП  БОЛДУ

ТӨРТ АЙДА ИНВЕСТИЦИЯ АЗ, ГРАНТ ЖАНА ЖАРДАМ КӨП БОЛДУ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In