Таажылуу тумоо пандемиясынын фонунда америкалык байлар жүз миллиарддаган доллар эсебинде байып кетишти. CNBC – америкалык жаңылыктар жана бизнес кабелдик жана спутник телеканалы билдиргендей, байлардын капчыгы 434 миллиард долларга көбөйгөн.
Марттын ортосунан баштап майдын ортосуна чейинки эки ай ичинде миллиардерлердин рейтингинин сап башында келаткан, Amazon интернет-платфорасынын негиздөөчүсү Джефф Безос жана Facebook социалдык тармагынын түзүүчүсү Марк Цукерберг башкаларга караганда көбүрөөк байышкан. Дж. Безостун байлыгы 34,6 миллиард долларга көбөйүп, жалпы 150 миллиардды түзсө, М. Цукербергдин капчыгына кошумча 25 миллиард доллар түшүп, жалпы байлыгы 87,3 миллиардга жетти.
Жалпысынан алганда, оңбогондой утушка пандемия учурундагы чектөөлөрдөн улам технологиялык компаниялардын негиздөөчүлөрү жана ээлери жетишти, себеби бардык жашоо ыргагы онлайн түрүндө болуп калбадыбы. Ошентип, АКШдагы эң эле 600 бай кишинин байлыгы акыркы эки айда 15 пайызга өсүп, 2,9 миллиарддан 3,3 триллион долларга чейин көбөйгөн.
Ал эми пайыздык өлчөм менен алганда байлыгы өтө эле көбөйгөндөр катарында Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск да бар. Анын байлыгы 48 пайызга же 36 миллион долларга өстү. Цукербергдин байлыгы 46 пайызга өссө, Безостуку 31 пайызга өйдөлөгөн.