Бүгүн Бишкекте журналисттер үчүн гендердик журналистика багытында устат сабактары өтүүдө. Бул окуулар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган, Борбордук Азия жана Афганистан үчүн “Теңдик нуру” (“Луч света”) демилгесинин аймактык программасынын алкагында ACTED уюмунун «CS-GBV Central Asia» долбоору менен биргеликте жүрүүдө.
Бул иш-чаралар бир эле убакта алты шаарда – Алматы, Бишкек, Ташкент, Дүйшөмбү жана Кабулда гибриддик форматта өтүп, жыйынтыгында катышуучулар арасында гендердик темадагы мыкты медиапродуктылар үчүн конкурс каралмакчы. Медиапродуктыларда зордук-зомбулуктарды башынан өткөргөн жана зомбулуктун терс кесепеттерин жеңип чыккандар тууралуу баян кылышы, ошентип зордук-зомбулукту баштан өткөргөндөргө өзүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтуудан коркпоого, укук жана мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, ага каршы турууга шыктандырышы шарт.
Бул устат сабактары Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча күрөшүү күнү катары белгиленүүчү 25-ноябрдан башталып, 10-декабрдагы Адам укуктарынын күнүнө чейин жыл сайын өтүүчү эл аралык “Гендердик зомбулукка активдүү каршы туруунун 16 күнү” өнөктүгүнүн алкагында “Теңдик нуру” демилгесинин аймактык прогмаммасынын уюштуруучу иш-чараларынын бир бөлүгү эсептелет.
Бул иш-чараларга Афганистандан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер, социалдык тармактардын лидерлери катышууда. Алардын саны 200гө жетет. Катышуучулар гендердик зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруунун маселелерин, бул багыттагы тажрыйбалар жана практика менен бөлүшүүнү, гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн келечектүү ыкмаларын талдашат жана үйрөнүшөт.
Гендердик багытта коомду оң жагына өзгөртүүдө массалык маалымдоо каражаттарынын, рекламанын орду өзгөчө болгондуктан, журналисттер арасында мындай иш-чаралардын өтүшү актуалдуу көрүнүш. Деген менен, Афганистанда жана Борбордук Азия өлкөлөрүңдө гендердик зордук-зомбулуктар коомчулуктун тынчын алган жашымсыз көрүнүш катары артка чегине элек, тескерисинче барган сайын кооптонууну пайда кылган фактор болуп калды.
Эске сала кетсек, Эл аралык ““Гендердик зомбулукка активдүү каршы туруунун 16 күнү” өнөктүгү жыл сайын өтүп, ал 1991-жылы Аялдардын глобалдуу лидерлиги институту тарабынан башталган жана Аялдардын глобалдуу лидерлиги борбору тарабынан координацияланат.
Ал эми “Теңдик нуру” демилгеси Европа Биримдиги колдогон Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдуу демилгеси эсептелет. Ал гендердик теңчиликти инвестициялоо жана аялдар менен кыздардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.
ACTED болсо – дүйнө боюнча 20 миллион бенециарларды (айрыкча барууга кыйын чолкөмдөрдө) колдоо үчүн жылына 500 долбоорду ишке ашырып келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюму.