Эми Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы жаштар санариптик билимдерин жогорулатышып, элеттик ишкердиктин деңгээлин көрүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр жаратылат. Анткени ноябрь айынын биринчи декадасынан “Жаштардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” (“Санарип Инсан”) долбоорунун алкагында жарандарга санарип көндүмдөрдү окутуу тренингдери Нарын областынын Кочкор районунан башталды. Эки күндүк тренингге 20дан ашык жаран катышып, алардын арасында жаштар, кыз-келиндер жана ишкерлер болду. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Бул тренингдер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен «Келечек» жаштар платформасынын алкагында «Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)» коомдук бирикмеси «Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү» менен биргеликте жана “Европа Коңшулук Кеңеши” (ЕСК) Биримдигинин Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен жүрүп жатат.
Алгачкы окутуулар 2 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө туризм тармагында эмгектенген жаштар жана аялдар өзүлөрүнүн MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясына ылайык негизги санариптик көндүмдөрүн жогорулатышты жана Instagram, Tik Tok, Facebook, Google сыяктуу социалдык тармактарды колдонуу My Business, Whatsapp мессенджерлерин, Telegram, Google.com жана 2GIS карталарын, ошондой эле Booking.com, AirBnB, Expedia, Agoda, Bronevik.com сыяктуу бөлмө ээлөө платформаларына кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сыяктуу сайттарды карап чыгуу Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio жана WebPMS Travelline мейманкананы башкарууну автоматташтыруу сыяктуу системаларын үйрөнүштү.
Эми мындан ары бул долбоордун алкагында 4 ай бою Кыргызстандын ар бир областын камтыган 10 жерде жалпысынан 200 катышуучу үчүн туризм тармагындагы жана санарип көндүмдөрдү үйрөтүү багытындагы тажрыйбалуу тренерлердин колдоосу менен, бекитилген окуу программасынын негизинде бир катар тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.
“Санарип Инсан” долбоорунун максаты – республиканын айыл аймактарында жашаган жаштарга жана аялдарга санариптик жана жашыл экономиканын иши боюнча билим берүү. Долбоордун алкагында санариптик сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, окуу-методикалык материалдарды адаптациялоо жана иштеп чыгуу боюнча маалыматтык иш-чаралар, ошондой эле санариптик экономиканын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге жаштарды билим берүү тармагында иштөөгө үйрөтүү боюнча биргелешкен демилгелер өткөрүлөт.
Долбоордун акыркы жыйынтыгы санариптик экономика секторунда жаштардын жана аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.