Жалал-Абад областында жумушсуздук күч алды, статистика боюнча бир бош иш орунуна 1592 адам туура келүүдө. Мындай маалымат Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкулчүлүгүнүн жарым жылдыкты жыйыныктоочу коллегиясында белгилүү болду.
Отчётто жазылган маалыматтарга караганда үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата област боюнча жумуш издеп кезекте турган эмгекке жарамдуу, жумушсуз калктын саны, иш менен камсыздандыруу борборлорунда 33 миң 451 адамды түздү. Мындан 27 миң 544 адамда официалдуу жумушсуз статусу бар.
Тилекке каршы, ушул эле мезгилге карата бош жумушчу орундарынын саны 21ди гана түзгөн. Бул деген бир бош иш ордуна 1 миң 592 адам туура келерин билдирет.
Расмий түрдө катталган жумушсуздардын жалпы санынын ичинен 173 адам кесиптик окуудан өтүшкөн. Ал эми 243 адам коомдук акы төлөөнүүчү иштерге тартылган. Ал эми Жалал-Абад шаардык калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери област борбору болгон шаар аймагында тажрыйбалуу тигүүчүлөр, автослесарлар, ашпозчулар (көбүнчө Европа тамактарын жасоочу ашканаларга. Жалал-Абадда ашпозчулук кесипти атайын окуудан өтпөй эле өз алдынча үйрөнгөндөр көп, ошондуктан Европа ашканаларын өздөштүргөндөр өтө аз), официант жана бармендер (Кыргызстанда бармендерди даярдоочу окуу же атайын бир курстар жок болгондуктан, тажрыйбалуу бармендерге талап күч), орус тилдүү мугалимдер (айрыкча башталгыч класстардын мугалимдери жана бардык предметтер боюнча эле орус тилинде так сүйлөп, сабак бере ала турган мугалимдер аз), программисттер (IT адистерин издегендер да көп, бирок ар кандай талаптар менен, көпчүлүк программист окуусун аяктагандар да алардын талабына жооп бере албай калат).