Заман алдыга кетти, телекоммуникация, санариптик технология арыш керип, адамзат Марска учууну пландап жатат. Ошол эле кезде Кыргызстанда мурда калкты маалымат менен камсыздап, бийликтер менен калктын ортосундагы байланыштарды орнотуп келген райондук-шаардык гезиттер жок болуу алдында турса, областтык гезиттер реформаланып, оптималдаштырылып, башка форматка өтүшү каралууда. Бул канчалык керек? Канчалык маанилүү?
Көздө тутулган реформа
Дээрлик эки жыл мурда аймактык бюджеттик массалык маалымат каражаттарын реформалоо тууралуу кеп жүрө баштаган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аймактардагы азыркы иштеп жаткан бюджеттик массалык маалымат каражаттарын азыркы замандын талабына ылайыкташтыруу, аларды башка структурага, форматка өткөрүү, ишинин натыйжалуугугун арттыруу максатын көздөгөн. Бул ишке ашырыла турган реформанын аки-чүкүсү тууралуу коомчулукка кеңири маалымат деле бериле элек. Бир гана нерсе, бюджеттик мекеме-ишканаларды оптималдаштыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, иши натыйжасыз деп эсептелинген аймактык ММКлардын курамын жана материалдык-техникалык базасын иреттештирүү жана оптималдаштыруу багыты каралганы маалым. Бул максатта област аймагындагы бюджеттик ММКлар бир структурага бириктирилип, бир медиа-борборго чогулган медиа күчтөр жыйнактуу, багыттуу иш алып барышмак болгон.
Бирок, баары эле камырдан кыл сууругандай оңой эмес экен. Буга аймактык журналисттердин, ММКлардын арасында макул эместери да пайда болуп, алар Жогорку Кеңештин тийиштүү профилдеги комитетине таасир этүү аркылуу өкмөттүк бул чечим профилдик комитет тарабынан жактырылбай калган. Ошентип, бул реформа багыты убактылуу токтоп калды.
Эми жакында министрлик башчылары райондук-шаардык гезиттерди каржылоо токтотулары, эгер алар иштегиси келсе санариптик технология менен интернет аркылуу маалымат таркатууну колго алышса боло берерлигин айтып чыгышты. Ошентип, областтарда чыгып жаткан айрым район-шаардык гезиттердин жашоосу токтоп, алар тарыхта гана калышы мүмкүн болгон абал түзүлдү. Буга райондук-шаардык деңгээлдеги журналисттер тынчсызданып жатканы да жашыруун эмес. Алар азыркы шартта аймактык гезиттер жергиликтүү коомчулукта маанилүү роль ойноп жатканын да айтышат. Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондусу уюштурган сурамжылоолор көрсөткөндөй, жергиликтүү журналисттер бул багытка макул эмес.
Жергиликтүү басма сөз таржымалы кандай эле?
Райондук-шаардык гезиттер – бул коммунисттик идеологиянын туундусу. Владимир Ленин баштаган большевиктер социалисттик курулуш процессинде коммунисттик идеологиянын негизги үгүтчүсү жана уюштуруучусу катары гезиттерди көргөн. Ошондуктан бардык район-шаарларда, кала берсе колхоз-совхоздордо да гезиттер чыгып, калкка маалымат таркатылган.
Учурунда гезиттер идеологиялык-пропагандалык чоң таасирге ээ болушкан, алсак Сузак райондук “Пахтачы” гезити 12 миң нускага ээ болуп, аптасына үч жолу чыгып турган. Райондун бийликтери гезитке жогору баа берип, район аймагында гезиттин таасири да жогору болчу. Райондук гезитке сындалып чыккан жетекчилер сөзсүз түрдө жазага кириптер кылынып келген.
Бирок, эгемендик жылдарында райондук-шаардык гезиттерди каржылоо начарлап кетти. Бирок Жалал-Абад областында жергиликтүү басма сөздү сактап калуу максатында жыйырманчы кылымдын 90-жылдарынын башында областтык бийлик район-шаарлардын гезиттерин аймактык гезиттерге бириктирген. Мисалы, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен району өзүнчө, Аксы, Ала-Бука, Чаткал району өзүнчө гезиттерди чыгара башташкан. Мурдагы материалдык-техникалык база бириктирилип, ортодо жоголуп да кеткен. Деген менен, бул реформа да жемишин көп бере албады, үч район үчүн чыккан гезитти райондун жететкчилери бири-биринен кызганып отурушуп, каржылоо жана уюштуруу жагынан көп маселелер аксады. Кийин гезиттер чыкпай да калды. Ошонун кесепетинен азыркы учурда өлкөдөгү эң ири райондордун бири болгон Сузакта жана кошуна Базар-Коргон районунда райондук гезит чыкпай калгагына көп жылдар болду.
Азыркы абал кандай?
Азыркы кезде Жалал-Абад областында 12 район-шаар болсо, анын сегизинде райондук-шаардык гезиттер чыгып жатат. Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунда, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларында өздөрүнүн гезиттерин чыгарып, калкка маалымат таркатуу иши жүрүүдө. Ал гезиттердин редакцияларында орто эсеп менен 4төн 8ге чейин кызматкерлер иштеп турушат, алардын айлык маянасы республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпысынан райондук-шаардык гезиттерде 45 кызматкер гезит чыгаруу, техникалык камсыздоо иштери менен алек.
Калкынын саны 300 миңге жакын чоң аймак эсептелген Сузак районунда жана кошуна жайгашкан Базар-Коргон районунда гезит чыкпай калганына 20 жылдай болуп калды. Бул райондордо райондун өз бюджети бар кезде деле гезиттер чыкпай келген. Ал эми гезитти үзшүлтүксүз чыгарып келаткан райондорго Чаткал, Тогуз-Торо жана Токтогул, Ноокен райондору кирет. Ал эми Таш-Көмүр шаарында иш жакшы жолго коюлган, гезиттин бүт чыгымдары шаардык бюджеттен каржыланып келет. Кара-Көл шаары менен Аксы жана Ала-Бука райондорунун жергиликтүү журналисттери да жергиликтүү басма сөздү жоготушпай, учугуну улап келатышканы эрдикке тете.
Райондук-шаардык гезиттердин нускалары 700дөн тарта 1 миңге чейин, кээде андан ашып да кетет. Андагы негизги кыйынчылык – гезитке жаздыруу ишинин кыйынчылыгы. Жергиликтүү журналисттер буга жергиликтүү бийликтер анча кызыкпай жатышын айтышса, башкалары гезитке болгон калктын кызыгуусунун төмөндүгү менен түшүндүрүшөт. Журналисттер эмгек акыны республикалык бюджеттен алышса, гезит чыгымдары жазылуунун эсебинен чыгып жатканын айтышууда.
Ошол эле кезде дагы бир кыйынчылык бар, ал – заманбап тартиптие иштей алган кесипкөй журналисттерди жоктугу. “Контент-медиа” коомдук фондусу жүргүзгөн сурамжылоодо гезиттердин редакторлору жаш, иштерман, кесипкөй журналисттердин жоктугуна кейишкен. Себеби жаш журналисттер район-шаарларда төлөнүп жаткан азганактай эмгек акыга макул болушпайт. Экинчиден, ар бир жаш журналист өзүнүн аты кеңири чөйрөдө тарап турушун каалашат. Райондук-шаардык масштабдагы окурмандар менен эле чектелип калгылары келишпейт.
Дагы бир кыйынчылык – жергиликтүү бийликтердин маалымат саясаты жагынан пассивдүү аракети. Себеби дал ошол жергиликтүү бийликтер мамлекеттик-муниципалдык маалымат саясатын колго алып, ар кайсы ыкмалар жана жолдор аркылуу аны ишке ашырууга далалат кылышса, анда жергиликтүү журналисттер үчүн аткара турган жумуш көп болмок. Тилекке каршы…
Эми эмне болмокчу?
Албетте, заман учкул, улам барган сайын алга илгерилеп, өзгөрүп, өркүндөп барат. Биздин коом да андан артта калбасы керек. Анан калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү да коомдун жашоосун санариптештирүү аркылуу өнүгүүгө жол алыш керектигин тастыктап жатат. Мындай шартта райондук-шаардык гезиттер да жаңы шартка ыңгайлашып, коомго маалымат таркатуунун жаңы форматын өздөштүрүүсү зарыл эсептелет.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде гезиттерди интернет-сайттарга өткөрүү ыңгайлуу болорун айтышууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков да өз пикирин маалымат айдыңында ачык билдирген. Деген менен, азыр коомчулук маалыматтын көбүн мобилдик технология аркылуу алып жатканы да анык. Кала берсе жаш балдардын колунда да смартфон бар.
Ушул өңүттөн алып караганда, министрликтин багыты туура эле, аны колдобой коюшка да мүмкүн эмес. Бирок, эгер биз бул маселеге кеңири масштабдан карап көрсөк, анда башка да пикирлер пайда болот. Мисалы, АКШ, Европа жана башка өнүккөн жана да өнүгүп жаткан өлкөлөрдө гезиттер жүз миңдеген, миллиондогон нускалар менен күн сайын чыгып жатат. Ал санарип технолгиясы өтө өнүккөн өлкөлөрдө деле гезиттерден баш тартыша элек, окурмандар дале гезит окушууда. Муну кандай түшүнсө болот?
Демек, бизде деле ушундайча иштесе болбойбу? Ал үчүн эмне керек? Албетте, чет элдик гезиттердеги материалдардын сапаты, актуалдуулугу, коомдогу көйгөйлөрдү көтөрө билгендиги, ыкчамдыгы жана объективдүүлүгү жагынан биз аларга жакындай да албайбыз. Ошону үчүн ал жактарда гезиттер коомдогу өз позициясын бербей, эч кимден көз каранды болбой жашап келишет. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Мыкты, күчтүү журналисттер райондордо иштешпейт, гезиттин сапатын, коом үчүн актуалдуулугун камсыз кылышпайт. Натыйжада азыркы биздин абалыбыз келип чыгат.
Чынында район-шаардык гезиттердин азыркы көйгөйү бул ошол аймактын гана көйгөйү эмес. Бул жалпы өлкөдөгү көйгөй, себеби борбор калаадан чыгып жаткан бир катар белгилүү гезиттер деле нускасы азайып, окурмандарын жоготуп жатышат. Мунун башкы себебин, балким, кыргыз журналистикасынын сапат жана кесипкөйлүк жактан төмөндөп кеткени менен түшүндүрүп жүрбөйлү…
Албетте, гезиттер чыкпай калса, интернетте жаңы ресурстар пайда болот, журналисттер ошол жакта да иштей беришет. Бирок, гезиттердин жоголушунан бир нерсе – тилибиз зыянга учурап калышы ыктымал. Азырынча грамматикалык, стилдик жактан катасыз жазуу, катасыз контент тартуулоо жагынан гезиттерде гана алгылыктуу аракет бар, интернетте тил катуу зыянга учурап жатат. Гезиттердин жоголушу менен тилдик сабатсыздыгыбыз дагы да жогорулап кетеби деген гана тынчсыздануу бар.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.