Быйылкы жылдын жарымында Жалал-Абад областындагы өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмү өткөн жылдагыдан көп болду. Областтык жетекчиликте өткөн жыйында айтылгандай, быйылкы биринчи жарым жылдыкта салыштырма баалар менен өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 102 пайызды түзгөн.
Атап айтканда, 12 миллиард 62,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Бул республиканын өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүндөгү областтын үлүшү 9,5 пайызды түзгөнүн билдирет.
Бирок, өнөр жайынын негизги 4 тармагынын ичинен 2 тармагында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн аткарылышы камсыздалбай калган. Алсак, Кайра иштетүү тармагында физикалык көлөмдүн индекси 98,9 пайызды, тамак-аш азыктарын өндүрүү, ичимдиктер менен тамеки багытында 92,3 пайызды, текстиль жана тигүү багытында 94,9 пайызды, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү багытында 79,8 пайызды камсыз кылган. Ошондой эле электр энергиясы, газ, буу, кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында да физикалык көлөмдүн индекси 98,3 пайызды, электр энергиясын өндүрүүдө 98 пайызды, электр энергияны кайра бөлүштүрүүдө 97 пайызды түздү.
Деген менен төмөнкү тармактарда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү артканы байкалат. Мисалы, тоо кен тармагында физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 118,6 пайызды, көмүр казып алуда 137,5 пайызды, чийки мунайзатты жана жаратылыш газын өндүрүүдө 114,6 пайызды, темир кендерин казууда 118,8 пайызды, башка пайдалуу кендерди казууда 130,2 пайызды түзүп, өткөн жылга караганда өсүү камсыздалган.