Быйылкы жылдын алгачкы жети айында Түркмөнстандын Россияга экспорттогон жашылча-жемиштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү жана бул жагынан башка өлкөлөрдөн алдыга чыкты. Борбордук-Азиянын башка өлкөлөрү да Россияга жашылча-жемиш экспорттоону көбөйтүп жатышат. Бул тууралуу “Бизнес Туркменистана” басылмасына шилтеме берүү менен EastFruit платформасы маалымат таркатты.
Алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдын алгачкы жети айында Россия импорттогон жашылча-жемиштин көлөмү 5,1 миллион тоннага жеткен. Россияга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттону арттырган өлкөлөр – Казакстан (21% көбөйттү), Тажикстан (16% көбөйттү), Өзбекстан (14% көбөйттү) жана Кытай (11% көбөйттү).
Ал эми Россияга жети ай ичинде жашылча-жемиштин экспорттун эң эле көп жасаган өлкө Марокко болуп саналат. Марокко бул мезгил ичинде Россияга болгон жашылча-жемиш экспортун 45 пайыз жогорулатты.