www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КАЛИФОРНИЯДА ЖАҢГАК ТҮШҮМҮ МОЛ БОЛДУ

28.08.2022
0 0
0
SHARES
228
Просмотры
Бөлүшүү

Жаңгактын дүйнөлүк өндүрүшүнүн 30 пайызын камсыз кылган жана көп экспорттогон АКШдагы Калифорния штатында быйыл жаңгактын түшүмү жылдагыдан көп болушу күтүлүп жатат. Ал эми түшүмдү жыйноо августтун аягында, сентябрдын башында массалык түрдө башталат. Бул тууралуу EastFruit платформасы жазып чыкты.

Айрым эксперттик баалоолорго таянсак, быйыл 789,754 тонна (кабыгы менен алганда) түшүм алынары айтылууда. Бул болсо, өткөн жылдагыга караганда түшүм 8 пайызга көп болорун билдирет, анткени өткөн жылы 729,762 тонна түшүм алынган. Муну быйылкы жылы аба-ырайы жаңгак мөмөсү үчүн ыңгайлуу болгону менен түшүндүрүшүүдө. Адистер июнь айында жаңгак мөмөсү үчүн жакшы аба-ырайы болгонун айтышат. Ошондой эле август айындагы күндүн ысыгы да жакшы түшүм алууга мүмкүндүк түздү.

Деген менен, АКШнын айыл чарба министрлиги багбандарга жакшы колдоо көрсөтүп жатат: быйыл 11 миллион фунт 1 кг=2,205 фунт, демек 5 млн кг) грек жаңгагын сатып ала турганын жарыялады. Ал эми эл аралык деңгээлде негизги сатып алуучулар Түркия, Израиль, Япония, Германия жана башкалар. Акыркы кезде Израилге экспорт 12,11 пайызга, Японияга 7,75 пайызга, Германияга 34,01 пайызга өстү. Экспорттук негизги логистика деңиз жолу болгондуктан, Калифорния штатында өндүрүлгөн жаңгакты өз убагында жөнөтүү жагынан көйгөйлөр да жок эмес, ташуучу кемелер менен алдын ала келишип коюу зарылдыгы туулат.

Эскерте кетсек, Кытай дүйнөдөгү жаңгак өндүрүү жана экспорттоо боюнча лидер өлкө эсептелет. Ал жылына болжол менен 1 миллион 785 миң тоннадан ашык жаңгак өндүрөт. Экинчи орунда 600 миң тоннадан ашык өндүргөн АКШ, үчүнчү орунда 400 миң тоннадан ашык өндүргөн Иран турат. Борбордук Азия боюнча алганда, Өзбекстан 53 миң тоннадан ашык, Кыргызстан 6,5 миң тоннадан ашык, Казакстан 1 миң тоннадан ашык жаңгак өндүрөт.

Мурдагы пост

БИЙЛИКТЕР ТҮШҮМДҮ КУРГАКЧЫЛЫКТАН САКТОО ЖОЛУН ТАБЫШТЫ

Кийинки пост

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ ЭКСПОРТУ 30 ПАЙЫЗ КӨБӨЙДҮ

Кийинки пост
ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ ЭКСПОРТУ 30 ПАЙЫЗ КӨБӨЙДҮ

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ ЭКСПОРТУ 30 ПАЙЫЗ КӨБӨЙДҮ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In