Жалал-Абад шаарынын кире бериш аркасынын оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылуу аземин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Халилов билдирди.
Үстүбүздөгү жылы жайында Жалал-Абад аркасын 7 миллион 894 миң 650 сомго реконструкциялоо иштери башталган. Мындай демилгени өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев көтөрүп, областтык өнүктүрүү фондунан 14 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Төрт айга созулган оңдоп-түзөө иштери соңуна чыкты. Андыктан арканын мурдагы жана жаңыртылгандан кийинки салыштырма сүрөттөрүн жарыяладык.
Мурда жок болуп келген түнкү жарыктандыруусу, таштанды урналары жана отургучтар менен айырмаланат. Ошондой эле гүлдөр жана арча көчөттөрү жаңыдан эгилген.
-Негизги долбоор боюнча этнопарк курулушу керек эле. Биз 24 миллион сомдук долбоорду областык өнүктүрүү фондуна сунуштаганыбызда алар каражат жетишсиздиги менен түшүндүрүп, быйылкы жылы реконструкция иштери гана жүрдү. Буюрса, келерки жылдан этнопарк куруу аркеттерин да баштайбыз, — дейт Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Халилов.
Роза Акматжан кызы