Социалдык кызматкерлер жана алардын аткарган иштери тууралуу билесизби? Аталган адистик Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары жаңы кирип келген кесиптердин катарын толуктайт. Жакында эле социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Дегеле бул кесип ээлери эмне иш жасашы керек жана эмне иштерди аткарып жатышат? Жылына жүздөгөн бүтүрүүчүлөр социалдык кызмат адистигин бүтүп, дипломду колуна алышат. Бирок, алардын баарына эле иш табылып жатабы? Кыргыз Республикасынын социалдык кызматынын алкагында социалдык кызматкер — жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырган адам.
Назира ЖАКЫПОВА, Жалал-Абад шаардык эмгек жана
социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары:
“АЯРЛУУ АДАМДАРДЫН БААРЫНА ЖАРДАМ БЕРЕБИЗ”
-Биринчи кезекте элге түшүнүктүү болушу үчүн айтып кетейин, бизде карыялар менен иштеген социалдык кызматкерлер бөлөк. Алар жумасына 3 жолу жалгыз бой карыялардын үйүнө барып, бардык жумуштарын кылып беришет. Ооруп калса дары-дармектерин алып берип, ооруканага чейин алып барышат. Короо-жайын тазалап, базарлык кылып беришет. Социалдык кызматкер эмес эле үй кызматкери болуп калды деп сын тагышкан менен, алар деген жалгыз бой карылар, эч кимиси жок, жардамга муктаж. Биз алар үчүн атайын баарлашуу клубун уюштуруп бергенбиз. Анткени зеригишет, сүйлөшүп, сырдашып, эс алышсын деп. Ал жерден алыстагы балдары менен видео-чалуу аркылуу сүйлөшкөнү шарт жаратканбыз. Өз ара конкурстарды уюштурабыз. Чоң энелерибиз арасында да күзгү бал сынагын өткөрүп, күз перисин аныктаган элек. Тилекке каршы, жакында жеңүүчү аталган эненин көзү өтүп кетти.
Ал эми дагы бир жаңы иштерибиздин бири — былтыркы жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай калган балдарды издеп, 45 бала таап чыкканбыз. Азыр алардын 17си калды, калганына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып бердик. Бүгүн дагы бирөөнө алып бердик, ата-энесинин, жада калса чоң энесинин да өздүгүн тактоочу күбөлүгү жок болгондуктан, балдарына документ албай жүрө берген үй-бүлөлөр кездешти. Азыр эле бир кайрылуучу чыгып кетти. Күйөөсү өтүп кеткен экен, жалгыз баласына пенсия чыгара албай жатыптыр, себеби кайын энеси өлгөндүгү тууралуу кара кагазын бербей койгон. Жубайлык турмушунда ЗАГС алышпаган, мына ушундай жагдайлар көп кездешет.
Биздин кызматкерлер баланын укугун коргоо максатында ЖААК менен иштешип жатабыз, бүгүн балага айына алчу миң сом пенсиясын чыгартып бердик, ыраазы болуп, рахмат айтып кетти. Ошондой эле, мектептен, сабактан качып, интернет клубда оюн ойноп жүргөн балдарга рейд уюштурулат. Түнкүсүн да кызыктыруучу оюндарга алксып кеткен өспүрүмдөргө рейддерди уюштурабыз. Ошондой эле, үчүнчү бөлүмүбүз шаардагы жакыр үй-бүлөлөрду аныктап, аларга жардам берүү менен алектенет. Аларды жакырчылыктан чыгаруу иштерин да алып барышат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да четте калбайт, аларга мамлекеттен каражат бөлүнп жаткандан кийин, биздин социалдык кызматкерлер барып, дарылантып, жакшы карап жатабы-жокпу текшерип турушат. Дагы бир жаңылык санариптештирүүнүн алкагында “Түндүк” программасында иштей баштадык. Жардам алгысы келип кайрылгандар мурда 19 документи ар кайсы мекемеден топтоп келип жүрүшкөн болсо, эми базадан эле карап алабыз, убара болушпайт. Бардык мекеме-ишканалар толук кире элек болгондуктан, айрым жерлерден гана документ алып келүүгө ттуура келет.
“БИР БАЛА БАГЫП АЛСА, АЙЫНА 5 МИҢ СОМ ТӨЛӨНӨТ”
-Хостердик үй-бүлөлөрдү көбөйтүү зарыл болуп турат. Кароосуз калган балдарды биз балдар үйлөрүнө берип жатпайбызбы. Бирок, ал жерде балдар “отур, тур, жат” деген түшүнүктөр менен гана чоңоюп калат. Жөнөкөй эле үй жумуштары, огород кылуу, помидор, картошка кантип өсөт жана башка ушул сыяктуу нерселерди билбей калышы мүмкүн. А хостердик үй-бүлө баланы багып алат, ал үчүн мамлекеттен аларга акча төлөп берет. Бир үй-бүлө 3төн 5ке чейин бала багып алса болот, ар бир балага айына 5 миң сомдон төлөнөт. Азыр эл арасында хостердик үй-бүлө боюнча түшүнүктөр, маалыматтар жетишсиз боллуп жатат. Бала үй-бүлөдө тарбияланганы жакшы да, балдар үйүндө эмес. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр аракечтик, түнкү көпөлөктөр, кылмыштуулук булардын баары турмуштук оор кырдаалга кириптер болгондор тарабынан жасалып жатат. Мына ушулар үй-бүлөдөгү мээримдин, тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгып жатпайбы. Ошондуктан да, кароосуз калган балдарга хостердик үй-бүлө абдан керек. Шарты бар үй-бүлөлөр бизге кайрылса эле балдарды багып алууга беребиз. Багып алынган балдар сөзсүз түрдө ар бир алты айда текшерилип турат. Анткени мамлекеттин баласы кантип жашап жатканына кызыкдар болушубуз абзел. Эгерде биротоло асырап алабыз дешсе, анда бала үй-бүлөгө көнүп кеткенден кийин барып текшере бербейбиз. Сырттан гана көзөмөлдө болот.
“ЭНЕСИ БАШ ТАРТКАН ЫМЫРКАЙЛАРДЫН КӨЙГӨЙҮ КУРЧ”
-Кароосуз калган балдарды балдар үйлөрүнө жайгаштырганга чейин документтерин топтоштурганга убакыт кетип калат. Ал аралыкта баланы биздин кызматкерлер үйлөрүнө алып кетүүгө аргасыз болгон учурлар кездешет. Шаар аймагында аларды убактылуу жайгаштырып туруучу жер жок болуп келген. Эми жакшы кризистик борборлор жакындан баштап иштеп калды. Ага чейин аларды биздин кызматка кирбесе да карачубуз. Көчөдөн табылган баланы билесиздер, кийим-кечеси жок, курсагы ач болот. Жуундуруп, өзүбүздүн балдардын кийимдерин кийгизип карачубуз. Азыр жакшы жолго коюлуп калды, жардам берүүчү тараптардан кийим-кечелерди кошумча топтоп коюп атабыз. Убактылуу жайгаштырып туруучу жай да бар.
Азыркы учурда көйгөй болуп жатканы — энеси төрөтканада баш тарткан ымыркайлардын абалы. Көбүнчө жаш кыздар, студенттер болуп калат. Алар кош бойлуулугун жашырып, ичин таңып, же жакшы камкордук көрбөй балдары оорулу болуп төрөлүп калат. Андайда асырап алууга берүү да кыйынга турат, баары эле ден соолугу жакшы баланы багып алгысы келет. Биз аны Ош шаарындагы ымыркайлардын борборуна жеткирип беришибиз керек. Анда да документ жана башка шарттарына карай убактылуу жайгаштырып туруучу борбор жоктугу кыйын болууда. Төрөтканадагылардан суранып, карап туруңуздар дейбиз. Мындай борбор област аймагында жок, ошондуктан шаарга, оорукананын жанынан ушундай борбор ачылса, жакшы болмок. Алар оорулуу болуп төрөлгөн менен кийин жакшы болуп кеткендери бар. Мисалы, биздин тарыхта болгон, бир жаш кыз баласын таштап кеткен, башында шишик менен төрөлгөн экен. Биз аны Ошко жеткирбей эле, көп жылдан бери балалуу болбой жүргөн медайымга багып алууга бергенбиз. Оорулу болсо да ыраазы болуп асырап алган. Азырга чейин рахматын айтат, дарылатып сакайтып, ден соолугу чың кылып чоңойтуп алыптыр. Ушундай наристелерди оорулуу деп чанып кеткенге болбойт.
Барчынай ЖАЛИЛОВА, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы:
“МАЯНА АЗ, КООПТУУ БОЛСО ДА ТҮНКҮСҮН ИШТӨӨГӨ ТУУРА КЕЛЕТ”
-Социалдык кызматкер болуп иштеп жатканыма 10 жылдын жүзү болду. Анын ичинде 3 жылдан бери үй-бүлө маселелери жана балдардын укугун коргоо боюнча иштеп келем. Ооба, өз оорчулугу бар. Бала талашуу, алимент өндүрүү, аталык, энеликтен ажыратуу, 18 жашка чейинки мыйзам менен чатагы бар балдардын тергөө, сурак, сот иштери биздин бөлүмдүн кызматкерлеринин катышуусу менен болот. Кароосуз, көзөмөлсүз калган балдар, ата-энеси баш тарткандардын тагдырын чечүү, турмушта бир ордун тапканга чейин биздин баш оорубуз болушат, тактап айтканда, жоопкерчилиги биздин колубузда. Бизге келген жарандардын баары эле үмүт кылып, жардам күтүп келишет. Көйгөйү бар адамдар кайрылышат, ошондуктан алардын ар биринин маселесин чечкенге милдеттүүбүз.
Чоң адамдарга караганда балдардын маселеси оор келет. Кээде айрым клиенттерибизди ойлонуп, түнү уктай албаган учурлар болгон. Турмуштук оор кырдаалдарга, окуяларга кириптер болгондор менен иштешебиз. Эми жөнөкөй сөз менен айтканда жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Бирок, мен социалдык кызматкер катары аты жөнүн жашырып болсо да, алар кабылган тагдырлар тууралуу эч кимге айтпайм. Купуялуулукту сактайбыз. Тактап айтканда, ар бир клиент биздин жүрөгүбуздөн өтөт.
Менимче ар бир социалдык кызматкерде эле кесипти таштап, башка иш кылсамбы деген ой бир кылт этип өтсө керек. Анткени көйгөйү курч, жардамга муктаждар көп. Ошончолук бизди текшерип карап тургандар да. Бирок, мотивацияны кайдан алып иштеп жатабыз. Бир адамдын көйгөйү чечилсе, жаныбыз жай алып, сүйүнүп калабыз. Мисалы, жакында 9-класста окуп жаткан кызга күбөлүк алып бердик. Ушул кезге чейин апасы аркет кылып, ала албай койгон экен. Үч жолу соттук отурум болуп, аягында күбөлүк алууга жетиштик. Ушундай бир кайрылуучу ыраазы болуп кетсе, бизге чоң мотивация.
Айлык маяна да аздыгы себеп деп ойлойм. Социалдык кызматкер болуп жаңы жумушка киргенде 3200 сом маянага отургам. Кийин конкурстун негизинде мамлекеттик кызматкер болуп которулдум, бирок анда маянам 2600 сом болуп, кайра азайып калды. Кийинчерээк мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйүп калды. Негизинен социалдык кызматкерлердин айлыгы 5300 сом. Бул, албетте, аз деп ойлойм. Мисалы, биздин бөлүм күнү-түнү кызматта болобуз. Түнкүсүн жаш балдар милицияга түшүп калса, сөзсүз биздин кызматкерлер барышы керек. Кооптуу болсо да көчөдө жүргөнгө туура келет. Күндүзү да ар кайсы адрестерге барганга туура келет. Жок дегенде биз үчүн башка мекемелердин кызматкерлериндей телефон бирдиги, жол акысы сыяктуу кошумча шарттар каралган эмес.
Айтбү АНАРБАЙ КЫЗЫ, социалдык кызматкер:
“БАШКА АДИСТЕР СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРДИН ОРДУН ЭЭЛЕП ОТУРУШАТ”
-Жогорку окуу жайында социалдык кызмат адистигин окуп бүттүм. Студент кезде эле тааныштар кайсы адистикти тандадың деп сураганда айтсам, ал эмне иш кылат? — деп кайра сурашчу. Соцфонд, социалдык коргоо башкармалыктары десең эле түшүнүшчү. А чынында социалдык кызматкерлердин иши бул эки мекеме менен гана чектелбейт. Болгону коомчулук муну түшүнүп жете элек деп ойлойм. Практикага чыккан учурда көбүнчө социалдык фонддо башка адистикти, мисалы, экономист, юрист кесибин бүткөндөр иштеп жатышканына күбө болуп жүргөнбүз. Ошол эле жергиликтүү бийликтерде, акимчиликте, айыл өкмөттөрдө социалдык иштер боюнча адис штаты бар. Бирок, баарында эле социалдык иш адистигин бүткөн кызматкер отурбайт, башка кесип ээлери болуп чыгат. Азыркы учурда социалдык кызматкерлер да универсалдуу болуп, ар кайсы иштерди аркалап жатышат. Мисалы, социалдык кызматкерлерди офистик жумуштарга жакшы кабыл алышат экен. Мен азыр катчы, кадрлар бөлүмүндө иштейм. Окууну аяктаган соң өз кесибим боюнча кайрымдуулук борборунан жумуш табылды. Бирок, маяна айына 4500 сом экен. Албетте, бул өтө эле аз. Мен баш тартып, башка жумушка орноштум. Социалдык кызматкерлер статусун көтөрүү керек, бул ардактуу кесипти баркына жетели.
Роза АКМАТЖАН кызы.