Жалал-Абад областынын атынан борбордогу форумга барчу жаш китепканачылар аныкталды.
Алгач 1-апрель күнү Көк-Жаңгак шаардык китепканасында областтык китепканачылар форуму өтүп, аталган китепкананын 85 жылдыгы белгиленди. Мында быйылкы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аткарылчу иштерди талкууланды Иш-чараны эртеси күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында “Мыкты жана жаш китепканачы” сынагы өттү. Сынакта жалпысынан район-шаарлардан 9 катышуучу ат салышты.
Сынактын жыйынтыгында, «Китептерди мыкты санариптештирүү” багыты боюнча биринчи орунга Токтогул районунун Кара-Күңгөй айылдык китепканасынын башчысы Нурмажал Бекташева, “Эң мыкты презентация жасоо” багыты боюнча Базар-Коргон районунун Колот айылдык китепканасынын башчысы Тазагүл Алтымышева, “Китепкана ишин мыкты алып баруу” багыты боюнча Элиза Маматкулова жетишти. Булар Жалал-Абад областындагы китепканачылардын атынан Бишкек шаарындагы өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышты. Ал эми аталган сынак борбор калаада май айында өткөрүлөт.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында жалпы 195 китепкана бар, ал эми аларда 401 китепканачы эмгектенүүдө.