Жер планетасынын калкы карый баштайт жана шаарга көчөт, ал эми 2050-жылы адамдар саны 9,7 миллиардга жетет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жыл сайын чыгуучу атайын докладында айтылганын lenta.ru сайты жазып чыкты.
Азыркы тапта жер шарында жашаган калктын саны 7,7 миллиард. Ал эми ХХI кылымдын аягына барып. Анын саны 11 миллиардга жетмекчи. Мындай маалыматтарды БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш 52-генералдык сессияда айтып чыкты.
Жер шарынын калкынын өсүшүн 2050-жылга чейин негизинен Сахара чөлүнөн түштүк тарапта жайгашкан Африка өлкөлөрү, ошондой эле Орто Азия жана түштүк-азия өлкөлөрү камсыз кылат. Латын Америкасынын, Түндүк Американын жана Европанын калкы дээрлик өзгөрүүгө учурабайт.
Докладда жашоо узактыгы өсө берерлиги да айтылат. Ошондон улам төрөлүү саны азайып, өнүккөн өлкөлөрдө 65 жаштан жогору кишилер саны көбөйө берет. БУУнун божомолуна караганда, Европада анын өсүшү 19дан 28 пайызга, Түндүк Америкада 16дан 23 пайызга чейин жетет.
Докладдын авторлору дүйнөдө массалык урбандаштыруу болорун божомолдошкон: азыркы кезде шарада жашаган калктын үлүшү 56 пайызды түзсө, 2030-жылга карата ал 60 пайызга өсөт, ал эми 2050-жылга барып 68 пайызга жетиши айтылат. Бул өсүү негизинен Азия жана Африка өлкөлөрү тарабынан камсыз кылынат.