www.versia.kg
Четверг, Июль 17, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АЛТЫН ЧЫККАН ЖЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕТҮҮ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

02.04.2019
0 0
23
SHARES
152
Просмотры
Бөлүшүү

Токтогул районунда алтын чыккан жерди иштетүүдө мыйзамсыз ишкердиктин фактысын аныкталган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы жазып чыкты.

ЭККМКнын Жалал-Абад областынын Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери “К.” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Токтогул районунун аймагындагы алтын чыккан жерде тийиштүү документтери жок ишкердик жүргүзгөн фактысы боюнча материалдарды чогулткан.

Аталган материал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
211-беренесинин 1-бөлүгү (мыйзамсыз ишкердик же банктык ишмердик) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жер участогун пайдалануу укугуна убактылуу күбөлүктү бергенге чейин чачылма алтынды казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салган, ага карабастан аталган ЖЧК аны тоотпостон, чачылма алтынды казып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан  келтирилген зыянды өндүрүүгө багытталган чаралар көрүлүп, мамлекеттик бюджетке 900 миңден ашуун сомду өндүрүшкөн.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАНДА ЖАҢЫ ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ КУРУЛАТ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЖАШ ЖАНА МЫКТЫ КИТЕПКАНАЧЫ АЙЫМ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЖАШ ЖАНА МЫКТЫ КИТЕПКАНАЧЫ АЙЫМ

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЖАШ ЖАНА МЫКТЫ КИТЕПКАНАЧЫ АЙЫМ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In