www.versia.kg
Понедельник, Февраль 9, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТЕЙЛӨӨ РЫНОГУ АРТКА КЕТТИ

09.08.2020
0 0
0
SHARES
142
Просмотры
Бөлүшүү

Быйылкы жарым жыл ичинде Жалал-Абад областы боюнча көрсөтүлгөн рыноктук тейлөө кызматтарынын көлөмү 18 миллиард 626,8 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи араң гана 78,2 пайызды түздү. Экономикалык божомол план 77 пайызга аткарылып, 4 миллиард 184 миллион сомдүк артка кетүү байкалды. Бул көлөм жалпы республиканын рыноктук кызмат көрсөтүү  көлөмүнүн 10,8 пайызына барабар.

Тейлөө иштеринин түрү боюнча алганда, автоунаа оӊдоо жана үй тиричилик буюмдарын соодалоо чөйрөсүндө 15 миллиард 324,9 миллион сомдук соода жүргүзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80,1 пайызга жетти, же болбосо 2 миллиард 996,2 миллион сомго төмөндөдү. Ал эми мейманкана жана ресторан  тейлөөсүнүн көлөмү 540,6 миллион сом болуп, өсүү темпи араң гана 62,5 пайыз аткарылган.

Быйыл январь-июнь айларында коомдук тамак-ашты кошкондогу чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү област боюнча 13 миллиард 538 миллион сомду түзүп, өткөн жылга карата салыштырмалуу бааларда 77,8 пайыз, экономикалык божомол планга карата 76,4 пайыз аткарылды, же 3 миллиард 48,3 миллион сомго азайды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жана жеткирилген божомол планга карата бардык район-шаарлар өсүү темпин камсыз кыла алышпады.

Област аймагында керектөөчүлөр керектөө товарларынын көпчүлүгүн базарлардан сатып алышат. Кийим-кече жана азык-түлүк товарларын жүгүртүүсү быйыл январь-июнь айларында 6 миллиард 653,7 миллион сомду түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине карата салыштырмалуу бааларда 75,3 пайызды түздү. Соода тармагында мамлекеттик эмес сектор толук ээлик кылып, анын товар жүгүртүүдөгү жалпы көлөмүнүн үлүшү 100 пайызды түзөт.

Коомдук тамак-аш жайларынын товар жүгүртүүсү област боюнча быйыл январь-июнь айларында 523 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырма баалар менен 36,5 пайыз төмөн  болду.

Юридикалык жана физикалык жактардын элге акылуу кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү да ушул жылдын январь-июнь айларында 2 миллиард 761,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу баалар менен 89,9 пайыз аткарылды.

 

 

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ АЗАЙЫП КЕТТИ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАДДА КУРУЛУШ КӨЛӨМҮ АЗАЙДЫ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДА КУРУЛУШ КӨЛӨМҮ АЗАЙДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА КУРУЛУШ КӨЛӨМҮ АЗАЙДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In