Ушул жылдын январь-июнь айында Жалал-Абад областы боюнча жаӊы курулган объектилерди куруу иштерине 4 миллиард 479,1 миллион сом акча каражаты жумшалып, салыштырмалуу баада өткөн жылдын деӊгээлинин 85,8 пайызын түздү. Бул жалпы республиканын курулуш иштерине жумшалган каражаттын көлөмүнүн 10,3 пайызын түзөрү расмий маалыматтарда айтылат.
Курулуш иштерине түздөн-түз жумшалган каражаттар жалпы жумшалган капиталдык салымдын 90 пайызын түздү.
Жеке менчик турак жайларды куруу быйылкы жарым жылда төмөндөп кетти. Жеке менчик турак жайларды курууга калктын эсебинен 1 миллиард 61 миллион сом жумшалып, областа 712 турак үй ишке берилген. Бул 2019-жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлдин 74,3 пайызына барабар, же болбосо 246 турак үй аз курулган.
Областтагы район-шаарлар боюнча алганда жеке менчик турак жай куруунун деңгээли төмөнкүчө: Ала-Бука районунда 87, Аксы районунда 133, Базар-Коргон районунда 127, Ноокен районунда 69, Сузак районунда 111, Токтогул районунда 40, Тогуз-Торо районунда 21, Жалал-Абад шаарында 75, Таш-Көмүр шаарында 32, Майлуу-Суу шаарында 5 жана Кара-Көл шаарында 12 турак үйлөр курулуп бүткөрүлдү. Алардын жалпы пайдалуу аянты 75 миң 822 чарчы метрди ээлейт.