Быйылкы жарым жыл ичинде Жалал-Абад областы боюнча көрсөтүлгөн рыноктук тейлөө кызматтарынын көлөмү 18 миллиард 626,8 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи араң гана 78,2 пайызды түздү. Экономикалык божомол план 77 пайызга аткарылып, 4 миллиард 184 миллион сомдүк артка кетүү байкалды. Бул көлөм жалпы республиканын рыноктук кызмат көрсөтүү көлөмүнүн 10,8 пайызына барабар.
Тейлөө иштеринин түрү боюнча алганда, автоунаа оӊдоо жана үй тиричилик буюмдарын соодалоо чөйрөсүндө 15 миллиард 324,9 миллион сомдук соода жүргүзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80,1 пайызга жетти, же болбосо 2 миллиард 996,2 миллион сомго төмөндөдү. Ал эми мейманкана жана ресторан тейлөөсүнүн көлөмү 540,6 миллион сом болуп, өсүү темпи араң гана 62,5 пайыз аткарылган.
Быйыл январь-июнь айларында коомдук тамак-ашты кошкондогу чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү област боюнча 13 миллиард 538 миллион сомду түзүп, өткөн жылга карата салыштырмалуу бааларда 77,8 пайыз, экономикалык божомол планга карата 76,4 пайыз аткарылды, же 3 миллиард 48,3 миллион сомго азайды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жана жеткирилген божомол планга карата бардык район-шаарлар өсүү темпин камсыз кыла алышпады.
Област аймагында керектөөчүлөр керектөө товарларынын көпчүлүгүн базарлардан сатып алышат. Кийим-кече жана азык-түлүк товарларын жүгүртүүсү быйыл январь-июнь айларында 6 миллиард 653,7 миллион сомду түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине карата салыштырмалуу бааларда 75,3 пайызды түздү. Соода тармагында мамлекеттик эмес сектор толук ээлик кылып, анын товар жүгүртүүдөгү жалпы көлөмүнүн үлүшү 100 пайызды түзөт.
Коомдук тамак-аш жайларынын товар жүгүртүүсү област боюнча быйыл январь-июнь айларында 523 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырма баалар менен 36,5 пайыз төмөн болду.
Юридикалык жана физикалык жактардын элге акылуу кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү да ушул жылдын январь-июнь айларында 2 миллиард 761,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу баалар менен 89,9 пайыз аткарылды.