www.versia.kg
Пятница, Июль 1, 2022
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЧАКАН ГЭС КУРУУ КАДАМЫ БАШТАЛДЫ

23.09.2021
0 0
0
SHARES
146
Просмотры
Бөлүшүү

Эми Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда чакан суу электр станциясын куруунун алгачкы кадамы ташталды. Ачы токой чарбасындагы Таш-Көпүрө участкасында кубаттуулугу 4,7 мегаватт/саат келген чакан ГЭСти куруу боюнча жер бөлүп берүү үчүн жарыяланган конкурстун жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу конкурска катышкан “Досбай ток” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Абдисатар Досбаев билдирди.

Анын айтымында, Ачы токой чарбасы август айында чакан ГЭСти курууга байланыштуу жер бөлүп берүү үчүн Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги Мамлекеттик токой фондун колдонуу жана пайдалануу жолдору туралуу №192 токтомунун негизинде талапкерлер арасында конкурс жарыялаган. Конкурска эки талапкер субъекттер катышкан. Акырында 22-сентябрь күнү конкурстук комиссия талапкерлердин долбоорлорун карап, баллдык системада жеңүүчүнү аныктады.

-Комиссиянын отурумуна анын 5 мүчөсү катышып, биздин фирмага көбүрөөк балл беришти. Башкача айтканда, биздин фирма 446 балл менен алдыга чыкты, — дейт А. Досбаев.

Аталган чакан ГЭС Кара-Үңкүр суусуна, Таш-Көпүрө участкасында курулмакчы. Бул суунун агымынын кышкы көлөмү секундасына 11,5 кубометрди, жайкысын 28,7 кубометрди түзөт жана 4,7 мегаватт/саат ток өндүрүүгө жетиштүү.

А. Досбаевдин айтымында, комиссиянын чечими расмий протколго түшүрүлүп, колго тийгенден баштап практикалык аракеттер да башталат. Чакан ГЭСти куруунун долбоордук наркы 4 миллион 591 миң долларга барабар.

-Ишти баштоо үчүн бизде инвестор бар. Ал эми бул долбоор жергиликтүү аймакты суу, жумушчу орун менен камсыз кылууда да мааниси зор. Бул жерде туризмди өнүктүрүү, башка ишкердик субъекттердин ишин жандандыруу шарттары жаралат, — дейт А. Досбаев.

Мурдагы пост

Жаңыбай АСРАНОВ: “КАЛМУРАТТЫН ЫР ДҮЙНӨСҮ – КЕРЕМЕТ!”

Кийинки пост

МЕКТЕПТЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ДАҢАЗАЛАНДЫ

Кийинки пост
МЕКТЕПТЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ДАҢАЗАЛАНДЫ

МЕКТЕПТЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ДАҢАЗАЛАНДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In