Бүгүн 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү, өлкөнүн бардык аймактарыдагыдай эле Сокулук районундагы мектептерде да бул майрам иш-чаралар менен коштолду. Атап айтканда, Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окутуу-тарбиялоо комплекс-лицейинде бул иш-чара мектептин эмгек жамааты жана окуучуларынын активдүүлүгү менен өттү. Ага райондук мекемелерден келген коноктор да катышышты. Бул тууралуу аталган комплекс-лицейден билдиришти.
Иш-чараны салтанаттуу ачкан мектептин директору Руслан Туйбаев ар бир улуттун тарыхы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук тили болорун, ошол улуттук баалуулук болгон тилди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп-өстүрүп туруу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети экенин белгиледи. Ошондой эле ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилге өзгөчө көз караш менен маани берүүсү учурдун талабы экенин кошумчалады жана бул тилди мыкты өздөштүрүүгө, кеңири жайылтууга жалпыны чакырып кетти.
-Ар бир мамлекет, улут өзүнүн улуттук тили менен өзгөчөлөнөт. Эгерде тил жоголсо, анда улут жоголот. Ошондуктан ар бирибиз эне тилибизге болгон мамилени жогорулатуубуз керек. Мамлекеттик тилибиздин ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө салым кошуубуз зарыл, — деп белгиледи мектеп директору.
Бул иш-чара аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин мугалимдери тарабынан даярдалып, окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программалар, ошондой эле атайын уюштурулган улуттук буюмдардын көргөзмөсү менен коштолду. Андан сырткары, окуучулар үчүн пайдалуу сахна сабактары тартууланды.
Белгилей кетсек, аталган Ч. Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окутуу-тарбиялоо комплекс-лицейи райондогу ири билим берүү мекемелеринен болуп саналат. Анда азыркы тапта 5000ден ашуун окуучу окуп, аларга 174 мугалим билим берип келүүдө.