Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү област аймагындагы тургундардын социалдык укуктарын коргоо жаатында бир катар реалдуу иштерди жүзөгө ашырган. Алсак, дарыгерлер тарабынан туура эмес мамиле жасоонун айынан жабыр тарткандарга укуктук жардам көрсөтүлүп, ошондой эле жаш кыздын майыптуулукка болгон укугун калыбына келтирүү жагынан аракеттер жасалып жатат. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын областтагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылынын Макеев көчөсүнүн №26 үйүнүн тургуну К. Анарматова арыз менен кайрылган. Ал арызында кызы Жолболдуева Алтынайдын көзү ооруп, областтык клиникалык оорукананын көз оорулар бөлүмүндө жатып, оорукананын дарыгерлери туура эмес дарылагандыгынын натыйжасында кызынын көзү көрбөй калгандыгын билдирген жана тийиштүү дарыгерлерге мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Областтык өкүлчүлүк тарабынан бул арыз каралып, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жана Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координаторуна кат жолдонгон. Анын жыйынтыгы менен Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координатору тарабынан 2021-жылы 22-февралдагы №45 буйрук менен комиссия түзүлүп, арызда айтылган фактылар текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен областтык клиникалык оорукананын көз оорулар бөлүмүнүн дарыгери А. Боронбаевага сөгүш жарыяланган.
Ошондой эле жогорудагы арыз Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 149-статьясынын негизинде чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлгөн. Азыркы мезгилде текшерүү иштери жүрүп, ал областтык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турат.
Ушундай эле арыз Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) наамына Жалал-Абад шаарынын убактылуу тургуну А. Алибекованын атынан барган. Ал арызында 2011-жылы 13-июлда туулган кызы А. Токтомамбетова жаш курагынан бери майыптыгын ала албай жатканын, дарыгерлердин жолдомосу болгонуна карабастан Жалал-Абад райондор аралык медик-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) майыптуулукка чыгарбай жаткандыгын жатканын көрсөтүп, жардам берүүнү суранган.
Бул арыз да КР Акыйкатчысынын областтык өкүлчүлүгү тарабынан каралган. Арызды кароонун жүрүшүндө Жалал-Абад райондор аралык медик-социалдык эксперттик комиссиясына чакыруу жиберилген жана комиссиянын төрагасы А. Мусаев, мүчөлөрү С. Айтбаев, Т. Төлөнбаева, П. Эгембердиев жана арыз ээси А. Алибекова өкүлчүлүктө көрсөтүлгөн жагдай боюнча баарлашып, комиссиянын төрагасынан жазуу түрүндө билдирүү алынган.
Арыз ээси А. Алибекованын паспорту Чаткал районунда катталгандыктан, майыптык боюнча Аксы райондор аралык МСЭКтин кароосунан өткөрүү жагы түшүндүрүлдү. Бирок А .Алибекова үй-бүлөсүндө 5 баласы менен оор шартта жашаганын айтып, Аксы районунуна МСЭКке барганга мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирген. Ошого байланыштуу КР Акыйкатчысынын аппарат жетекчисинин буйругунун негизинде кызматтык сапар уюштурулуп, Кербен шаарындагы медициналык-социалдык эксперттик борборунун төрагасы А. Аниваров менен сүйлөшүлдү. Жыйынтыгында А. Токтомамбетованын медициналык жолдомосу менен тийиштүү документтери комиссиянын кароосуна коюлуп, комиссия тарабынан каралып, жашы жете элек А.Токтомамбетова 18 жашка толгонго чейин “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыял Токтобаева билдиргендей, мындан ары да Жалал-Абад областынын тургундарынын ар кандай социалдык укуктарын коргоо иштери тыкыр алып барыла бермекчи. Эгер жарандардын ушул багыттагы укуктары бузулган болсо же укуктарын ишке ашырууга тоскоолдуктар жаралса, анда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнө кайрылышы керек.