www.versia.kg
Пятница, Июль 1, 2022
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН: БАКТАРДЫ КЫЮУГА МОРАТОРИЙ

03.01.2022
0 0
0
SHARES
130
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев атайын жарлык менен өлкөдө бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга мораторий жарыялады. Бул тууралуу Рodrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Бул максатта эми бак-дарактарды кыюуга мөөнөтсүз мораторий киргизилет, мыйзамсыз кыйгандарга каршы олчойгон айып пул салынат, келтирилген зыян эки эселеп төлөтүлөт, бак-дарактарга зыян келтирген үй куруучулар жазаланат, мыйзамсыз дарак кыюу фактылары тууралуу фото-видео материалдар үчүн сый акы төлөнүп берилет, ирригация тармагында ири оңдоп-түзөөлөр, бак отургузуунун жаңы эрежелери болот.

Мындан ары өкмөт жана башка мамлекеттик органдар токой фондусуна кирбеген ар кандай бак-дарактарды кыюуга уруксат берген чечимдерди кабыл ала алышпайт. Бак кыйгандарга салынуучу айып пулдун өлчөмү 5 эсе, бак-дарактарга келтирилген зыянды төлөп берүү өлчөмү 2 эсе өсөт. Үч айдын ичинде долбоорлоо институттары үчүн долбоорлоо маалында бак-дарактардын абалын эске алуу боюнча жоопкерчиликти жогорулаткан, бак-дарактарды кыйганы үчүн катуу жоопкерчиликти караган мыйзам кабыл алынат.

Үй куруучулар үчүн, үй курууну долбоорлоо иштери үчүн кошумча талаптар коюлат. Эгер курулуучу үйлөрдүн бийиктиги 12 метрден, ээлеген аянты 500 чарчы метрден кем болбосо, анда бак отургузуучу аянт үйлөр ээлеген аянттын 25 пайызынан кем болбошу керек.

Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактылары тууралуу фото-видео материалдарын тийиштүү органдарга жөнөткөн жактарга ошол мыйзамсыздык үчүн төлөтүп алынган айып пулдун эсебинен 270 миң сум (24,95 доллар, 2115,73 сом) сый акы берилет. Эгер фото-видео материалдар мыйзамсыздык фактысы расмий аныкталгандан кийин жиберилсе, сый-акы берилбейт. Ошондой эле бийликтер маалымат жиберген жактардын өздүгүн купуя сакташат.

Мындан ары сугарылбаган аянттарга көчөт отургузууга, көчөттүн жашы 5 жыл болбосо, аны дегеле отургузууга тыюу салынат. “Каштан көчөсү”, “Чынар көчөсү” сыяктуу максаттуу көчөт отургузуу көрүнүштөрүнө маани берилет. Ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында сугат аянттарын кеңейтүү, бул тармакты жакшыртуу иштери күчөйт. Эки айдын ичинде (жазга чейин) бардык сугат объекттери инвентариязацияланып, тийиштүү жакшыртуу чаралары көрүлөт.

Эң башкысы, 2023-жылдын 1-мартына чейин Ташкент шаарында, Ташкент, Самарканд, Фергана, Наманган, Анжиян, Жизак областтарында, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин Каракалпакстанда жана башка областтарда бак-дарактар толугу менен инвентаризацияланат.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАРАНДАРДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ КАНДАЙ КОРГОЛДУ?

Кийинки пост

ООГАНСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН БАҢГИ БАР

Кийинки пост
ООГАНСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН БАҢГИ БАР

ООГАНСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН БАҢГИ БАР

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In