Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата шаарлары жана Базар-Коргон, Тогуз-Торо райондору турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу жагынан артта калышты. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалынын директору Закиржан Анарбаев билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча алганда камсыздандыруу багытында айрым район-шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алгылыктууиш аткарышпады. Биринчи эле чейректеги мындай гачар көрүнүш жыл жыйынтыгынын да начар бо лушунан кабар берерин айтат З. Анарбаев.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында Чыңгыз Айтматов менен Т. Тайгараев аймактык башкарууларында турак жайын камсыздандыргандар саны аз. Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында, ошондой эле Тогуз-Торонун Көк-Ирим, Атай айыл өкмөттөрүндө да камсыздандыруу иштери солгун.
Жалал-Абад областында жаопысынан 191 миң турак-жай катталган.Быйылкы жылдын 3 айында 14 миң турак-жай камсыздандырылган.
Кошумчалай кетсек, камсыздандыруу төлөмү айыл жерлеринде жылына 612 сомду түзөт. Эгерде ким-бирөө тилсиз жоодон жабыр тартса, камсыздандыруу уюму тарабынан чыгымга карай 500 миң сомго чейин төлөп берилет. Шаар жеринде жылына төлөнүүчү сумма 1224 сом болсо, турак-жай кырсыгына ылайык кайтарымсыз төлөм 1 миллион сомдон ашуун.