Быйылкы биринчи жарым жылдыкта Жалал-Абад областында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндөгү салыктардан жана төлөмдөрдөн жалпысынан 2 миллиард 423,2 миллион сом жыйналган жана план-божомол 100,3 пайыз аткарылган. Ошондой эле 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 125,7 пайызды түздү. Анын ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү 1 миллиард 628,3 миллион сомдук салыктар жыйналып, план-божомол 98,9 пайызга аткарылды да, өткөн жылга карата өсүү темпи 142,1 пайызга жетти. Жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү 795,9 миллион сомдук салыктар жыйналып, план-божомолу 103,4 пайызга аткарылды жана өсүү темпи 101,7 пайызга барабар болду.
Областтагы жалпы көрсөткүчтөр жакшырганы менен район-шаарларда абал кескин начарлаганы байкалды. Мисалы, мамлекеттик бюдждеттин план-божомолу Ноокен районунда 93,3 пайызга, Токтогул районунда 92,2 пайызга, Жалал-Абад шаарында 82,4 пайызга, Таш-Көмүр шаарында 93,4 пайызга, Кара-Көл шаарында 74,8 пайызга аткарылып, артка кетишкен.
Республикалык бюджеттин план-божомолун аткаруу Аксы районунда 95,1 пайызга, Базар-Коргон районунда 88 пайызга, Ноокен районунда 88,8 пайызга, Токтогул районунда 70 пайызга, Жалал-Абад шаарында 72,6 пайызга, Кара-Көл шаарында 79,1 пайызга жана Таш-Көмүр шаарында 74,6 пайызга камсыздалган.
Жергиликтүү бюджет боюнча да акыбал жарытарлык эмес. Бул багытта план-божомолдун аткарылышы Таш-Көмүр шаарында 99,7 пайызга, Жалал-Абад шаарында 94,5 пайызга, Майлуу-Суу шаарында 93,7 пайызга жана Кара-Көл шаарында 74,9 пайызга жетип, жеткирилген план-тапшырмалар аткарылбай калган.