Жалал-Абад областынын аймагында республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу, курулушу көп жылдан бери токтоп турган 5 мектеп бар. Алар — Сузак районундагы 700 орундуу №44 Фуркат атындагы орто мектеби, У.Абдукаимов атындагы орто мектеби, Ала-Бука районундагы Жаңы-Шаар, Ноокен районундагы 325 орундуу Т. Анаркулов атындагы орто мектеби, 192 орундуу Кызыл-Кыштак орто мектеби.
Мисалга алсак, булардын арасынан Ноокендеги Кызыл-Кыштак орто мектебинин окуучулары коңшу айылга атайын уюштурулган автобус менен каттап окушат. Ал эми Сузак районундагы У. Абдукаимов атындагы мектептин окуучулары бир кылым мурда курулган имаратта, коркунуч астында билим алууга мажбур. Аталган мектептердин курулушу башталып, бирок токтоп калганына көп жыл болгон. Ал арада айрымдарына президент, премьер министр, Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапарлары алкагында келип, таанышып, маселе чечилет деп убада берип кетишкен. Тилекке каршы, быйылкы окуу жылында дагы абал өзгөрүүсүз калды.
Мындан сырткары, Жалал-Абад областында жалпы авариялык абалдагы 36 мектеп бар. Анын ичинде Сузак районунда 8, Тогуз-Торо районунда 1, Токтогул районунда 7, Аксы районунда 3, Базар-Коргон районунда 6, Ала-Бука районунда 6, Чаткал районунда 1, Ноокен районунда 2, Кара-Көл шаарында 2 мектеп окуучулар үчүн кооптуу.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында жалпы 474 мектеп бар. Алардын ичинен жетөө жеке менчик, экөө кыргыз-түрк лицейи болуп саналат. Ал эми билим алган окуучулардын саны 226 миң 205ке жетет.