Жалал-Абад областында жарым жылда төмөнкү продукциялар өткөн жылга салыштырмалуу аз экспорттолгон: жаӊгак 447,4 тонна экспорттолуп, өткөн жылга карата 601,98 тоннага же 1 миллион 501,8 миӊ долларга; курулуш таштары 1500,3 тонна экспорттолуп, өткөн жылга карата 306,5 тоннага же 63,7 миӊ долларга; тамырлар, дарактар жана башка өсүмдүктөр 1366 тонна жөнөтүлүп, өткөн жылга карата 4014 тонна же 2,9 миӊ долларга; иштетилген курулуш таштары жана буюмдар 6313,4 тонна экспорттолгон, өткөн жылга карата 84,7 тонна же 325,8 миӊ долларга, айнек калдыктары 325 тонна экспорттолуп, өткөн жылга карата 595 тоннага же 8,7 миӊ долларга, электр жылыткыч приборлору 8354,6 миң даана экспорттолуп, өткөн жылга карата 6885,2 миң даанага же 860,8 миӊ долларга, электр лампалары 1 миллион 881,7 миң даана экспорттолуп өткөн жылга карата 8874,3 миң даанага же 945 миӊ долларга, ультрафиолетовый лампалар 3 миллион 242 даана экспорттолуп, өткөн жылга карата 20161 даанага же 28,8 миӊ долларга аз болду.
Ал эми импорт жагына келсек, жарым жылда 17 миллион 891,2 миӊ долларга ар кандай сырьёлор, товарлар алынып келинип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 миллион 589,6 миӊ долларга көбөйүп, өсүү темпи 109,8 пайызды түздү. Импорт тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 20,9 пайызына туура келди.
Кытайдан 9 миллион 72,4 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллион 753,6 миң долларга; Ирандан 380,1 миӊ долларлык, продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 372 миң долларга; Индиядан 26,2 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 8 миң долларга; Россиядан 1 миллион 517,2 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 469,6 миң долларга; Түркиядан 2 миллион 190,6 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 557,3 миң долларга; Украинадан 59,4 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,6 миң долларга; Япониядан 233,5 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 165,9 миң долларга, Франциядан 250,7 миң долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 158,4 миң долларга; Өзбекстандан 2 миллион 25,8 миӊ долларлык продукция импорттолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 99 миң долларга көп болду.