Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына келип түшкөн маалыматка ылайык, област боюнча 34 миң 18 бала бакчага барат. Тактап айтканда, ал бардык балдардын 33,3 пайызын камтыйт.
Областтын аймагында бүгүнкү күндө 295 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери бар. Алардан 161и муниципалдык, 104ү мамлекеттик, 19у жеке менчик, 4ү ведомстволук, 7си жамааттык болуп эсептелет. Жалпы 34 миң 18 бала тарбияланып, ошондогу камтуу көрсөткүчү 33,3 пайызга жетет.
Үстүбүздөгү жылы Ноокен районунда 3, Чаткал районунда 1 бала бакча пайдаланууга берилген. Бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн ар бир айыл өкмөт, жергиликтүү бийликтер жеке демөөрчүлөрдү издеп жатышат. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы «Менчиктештирилген, профилдештирилген жана мамлекеттик мекеме уюмдарга берилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын кайтарып өткөрүп берүү жөнүндөгү» №219-р буйругунун негизинде иш алып барышууда.
Област боюнча убагында жеке менчикке жана башка мекеме-уюмдарга имараты берилип кеткен 67 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Алардын 43ү кайтарылып алынды, калган 24үн да кайтарып алуу аракеттери жүрүүдө.
Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында депутаттардын сунушу менен балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зомбулуктун алдын алуу максатында 22 мектепке чейинки мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 800 сомго видео-кѳзѳмѳл орнотулган.