Быйылкы 1-ноябрга карата областын аймагында 164 жаңы ишканалар ишке киргизилди. Анын ичинен өнөр жайы боюнча 43 (жумуш орду 826), соода борбору 35 (141), айыл чарба 3 (9), кызмат көрсөтүү 83 (321) ишкана. Жалпысынан област боюнча 1297 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу бизге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнөн билдиришти.
Бул жагынан алганда Ала-Бука районунда абал жакшы: 3 өнөр жай, 4 соода сатык, 8 кызмат көрсөтүү ишканасы түзүлүп, 120 жумуш орун пайда болду. Ал эми калкынын саны көп Сузак районунда 3 өнөр жай, 4 соода сатык, 5 кызмат көрсөтүү ишканалары ачылып, 221 жумуш орун түзүлдү. Алыскы Токтогул районунда да аракеттер жаман эмес, 6 өнөр жай, 1 айыл чарба, 1 соода сатык, 9 кызмат көрсөтүү ишканалары ишке кирип, 109 жумуш орун камсыз кылынды. Тоо-кен тармагы өнүккөн Чаткал районунда да абал жакшы, 8 өнөр жай, 8 кызмат көрсөтүү ишканалары ачылып, 181 жумуш орду пайда болду. Ал эми Тогуз-Торо районунда кыйла жылыш бар, 1 өнөр жай, 1 айыл чарбасы жагынан ишканалар ачылды жана 314 киши жумуш менен камсыздалды.