Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууганы Тагаев Абдималик Абдыкааровичти Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындады. Мындай №123-буйрукка шаар мэри быйылкы жылдын 21-август күнү кол койгон. Буйрукка А. Тагаевдин 21-августта жазган арызы негиз болгон.
Алынган маалыматтарга караганда, А. Тагаев бир нече жыл мурун Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы болуп иштеген, бирок 2014-жылы шаарга жаңы келген жетекчи иштеги кемчиликтери үчүн кызматынан алган. Шаарга Мураталы Тагаев мэр болуп калган соң, бир тууганы А. Тагаев шаардагы “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасында жооптуу адис болуп кызматка орношкон.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев буга чейин дагы бир бир тууганы Абибилла Тагаевди “Газпром-Кыргызстан” компаниясы куруп берген ден соолукту чыңдоочу жайга жетекчиликке дайындаган болчу. Абибилла Тагаев өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун канкудасы болуп саналат. Буга чейин мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды аркалаган эмес.
Эскерте кетсек, Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарына 2018-жылы июнда мэр болуп шайланган. Ага чейин шаардык кеңештин депутаты болуп шайланып, эки курдай анын төрагасы болуп иштеген. Маалымат мейкиндигине анын 2004-жылы Бишкек шаардык соту тарабынан зөөкүрлүгү үчүн төрт жылга эркинен ажыратып, №36 түзөтүү колониясына жөнөтүлгөнү тууралуу далилдүү кеп таркаган. Ошондой эле шаар мэри болуп туруп, 72 жаштагы кемпирге күч колдонгону, коомдук жайда отуруп журналисттерди ашата сөккөнү, өзүнө караштуу мончодо шаар тургунун сабаганы, басма сөз эркиндигин чектеген буйруктарга кол койгону тууралуу да маалыматтар таркатылган.