Жалал-Абад областында быйылкы жарым жыл ичинде темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү өткөн жылдын жарым жылындагыга караганда өстү. Башкача айтканда, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү тарабынан быйылкы 6 айда 1075 вагон же 63 миң 555 тонна жүктөр тартып келинип, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 395 вагонго көп болду, ал эми жүктүн көлөмү 22 миң 408 тоннага өскөн. Ошондой эле түштүк бөлүмү аркылуу 1876 вагон же 125 миң 442 тонна жүктөр ар кайсы даректерге жөнөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 317 вагонго, же жүктүн көлөмү 2 миң 566 тоннага көбөйгөн. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан белгилүү болду.
Эске сала кетсек,өлкөнүн түштүк аймагына темир жол 1914-жылы курулган да, 1918-жылы совет бийлигинин жетекчилеринин бири Михаил Фрунзе темир жол аркылуу Жалал-Абадга келген. Совет бийлигининучурунда он темиржолбекеттерикурулуп, пайдалануугаберилгенэле. Эгемендикалганданкийин 1994-жылы Орто Азия темиржолишканасынанбөлүнүпчыкканКыргызтемиржолбашкармасынынтүштүкбөлүмүтүзүлгөн. Азыранынкурамында 100 чакырымданашуунтемиржоллиниясыжана 7 темиржолбекети бар.