Кытайдын АКШга болгон экспорттук кызыкчылыктарына америкалык христиандар олуттуу таасир этишти. Анын натыйжасында Кытайда басылып чыккан Инжил китебинин АКШга болгон импорту каржылык санкциялар тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу дүйнөлүк интернет сайттар жазып чыгышты.
АКШ президенти Доналд Трамптын Кытай товарларынын импортуна карата бажы алымдарын жогорулатуу чечими америкалык христиандардын диний кызыкчылыктарына туура келбей калды. Анткени Кытайдан басылып чыккан Инжил китебинин өлкөгө импорту да жогорулатылган бажы алымдарынын тизмесине кирип калган эле. Ошондуктан импорттолуп келген бул диний китептердин баасы жогорулап, нускасы да азаймак.
Бирок, өлкө президенти Доналльд Трамп коомчулуктун басымы алдында өлкөгө кирүүчү Инжил китептерин жогорулатылган бажы алымдары алынуучу товалар тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Ошентип, америкалык христиандар өздөрүнүн диний кызыкчылыктарын гана эмес, Кытайдын экспорттук кызыкчылыктарын да сактап калышты.
Деген менен, Кытай Инжил китептерин эң көп басып чыгаруучу өлкө катары таанымал, себеби дүйнөдөгү бардык басылып чыккан китептердин жарымынан көбү ошол жакта басылат. Ошентип, колго тийген эки Инжил китебинин бири Кытай өндүрүшүнүн жемиши эсептелет. Кытайдын Нанкин шаарындагы Amity Press басмаканасы эле 1988-жылдан бери 200 миллион нуска китеп басып чыгарган. Ал эми АКШнын эң ири экиZondervan жана Thomas Nelson басма компаниялары Инжилдин өздөрүнө тиешелүү нускаларынын 75 пайызын Кытайда басып чыгарышат.
Басма компаниялары мындан ондогон жылдар мурда эле өндүрүштүк кубаттуулуктарын чет жакка чыгарып кетишкен жана өлкөдө альтернатива калган эмес. Себеби Кытайда эң жука кагазга басып чыгаруу техникасы жакшы жолго коюлган. Инжил китептеринин эң басымдуу бөлүгү ушундай жука кагаздарга басылып чыгарылат. Ал эми Кытай басма өндүрүшүндө Инжил китептери негизинен Улуубританиянын, Германиянын, Швейцариянын жана Япониянын басма техникалары менен басылып чыгууда.
АКШда Инжил салт катары башкы бестселлер катары китептер ичинде эң көп окулат. HarperCollins компаниясынын маалыматына караганда, АКШда жыл ичинде 20 миллион нуска Инжил китептери сатылат. Анан да, Инжил китептеринин баасы төмөн, көп нускалары акысыз эле таркатылат.