Чолпон-Ата шаарында быйылкы 18-23-август күндөрү өспүрүмдөр жана чоңдор арасында эл аралык шахмат турнири өтүп, ага Жалал-Абад шаарынан алты жашар заматчы кыз Нурайым Жакыпова катышып келди. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Абабакир Алайев билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бул эл аралык мелдештер Жогорку Кеңештин мурдагы эки жолку депутаты Улан Чолпонбаевдин элесине арналып, ага коңшулаш Казакстандын, Өзбекстандын аймактарынан да шахматчылар келишкен. Келген шахматчылардын жаопы саны 100дөн ашкан.
А. Алайевдин билдирүүсүндө казакстандык шахматчылар күчтүүлүүк кылышкан, ал эми Жалал-Абад шаарынан барган Н. Жакыпова өзү курактуулар арасында 8-орунду камсыз кылды. Ал буга чейин Бишкек шаарын өткөн шахмат мелдештеринде алдыңкы орундарга жетишкен болчу.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад областында балдарды шахмат боюнча даярдоого көңүл бурулбай келет. Аймактарда, кала берсе област борборунда да атайын шахмат мектептери жок, ошондуктан аймактан чыккан шахматчы балдар ар кайсы мелдештерде алдыңкы орундарга жетиши кыйын болууда. Ал эми Н. Жакыпова Ысык-Көлгө үй-бүлөсүнүн жардамы менен гана барып катышкан, жергиликтүү бийликтер жардам бере алышпаган