Дүйнөнүн 90 өлкөсүн камтып иш жүргүзгөн Oxfam коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, өнүккөн өлкөлөрдөгү социалдык теңсиздик барган сайын тереңдеп баратат. Өтө өнүккөн өлкөлөрдөгү калктын эң жакыр катмарынын (20 пайыз) алган эмгек акысына жалпы эмгек акынын 7 пайызы, ал эми калктын эң эле бай 20 пайызына 45 пайызы туура келет. Коомдук бирикменин баамында, мындай абалга ошол өлкөлөрдөгү жүрүп жаткан саясат алып келген. “Чоң жетиликтин” өлкөлөрүндөгү (АКШ, Германия, Япония, Улуубритания, Франция, Италия жана Канада) калктын арасындагы теңсиздиктин өсүүсү уланууда.
Өткөн кылымдын 80-жылдарынан баштап эле “чоң жетиликтин” өлкөлөрүндөгү кирешелердин тең эместиги күчөп келет. Калкынын санынын 20 пайызын түзгөн эң жакыр катмардын үлүшүнө жалпы эмгек акы көлөмүнүн араң дегенде 7 пайызы туура келген. Ошол эле кезде калктын эң бай 45 пайыз катмарына жалпы каржы агымынын 45 пайызы туура келүүдө. Анан да экономикадагы кыйынчылыктардан, эмгек акылардын азайышынан жабыр тартып, мукурап калган калктын саны ушул өлкөлөрдө акыркы он жылдыкта оголе көбөйүп кетти. Азыркы тапта анын саны Германияда калктын 9 пайызын, Францияда 7 пайыздан көбүрөөгүн, Италияда 12 пайызын, Улуубританияда дээрлик 9 пайызын түзөт.
Буга өлкөдө корпорациялардын жана үлкөн менчик ээлеринин жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык саясаты күнөлүү. Корпорациялар социалдык чөйрөгө салым кошуудан калып, мамлекеттин бюджеттик саясат жүргүзүүдө социалдык программалардын жабыр тартышы, терс көрүнүштөгү реформалар менен менчиктештирүүлөр ушул нерсеге алып келүүдө. Oxfam бирикмеси “чоң жетиликтин” саммитинин катышуучуларына тереңдеп бараткан теңсиздикти ооздуктоо чакырыгы менен кайрылды.