www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД:СПОРТ ЖААТЫНДА ИЙГИЛИКТЕР АРБЫДЫ

26.08.2019
0 0
0
SHARES
92
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Жергиликтүү спортчулардын ийгилиги барган сайын арбып баратат.

Бул спорттук иш-чаралардын алкагында көк-бөрү улуттук оюну да четте калган жок. Мисалы, Сузак районундагы“Телтору” ат майданында “Кылымдап келген тарыхта, күчтүүлөр чыккан жарышка” аттуу ураан менен эл арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту улуттук спорттук оюндар аркылуу бекемдөө жана чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна мелдештер өткөрүлгөн. Буга областтын район-шаарларынан 7 команда катышып, жеңүүчүлөр жана катышуучулар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган. Кийин “Нооруз” майрамынын алкагында өткөрүлгөн республикалык көк-бөрү оюнунда Жалал-Абад областынан барган команда биринчи орунга жетишкен.

Областтык деңгээлде өткөн ири иш-чаралардын бири кол күрөшүнө(армрестлинг) арналган, ага “Курманбек” стадионунда уюштурулуп, район-шаарлардан 300 спортчу катышкан. Аталган мелдештен кийинБишкек шаарында да аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп, анда Айсулуу Домонова 65 килограмм салмакта III орунду камсыз кылды.

Жалал-Абад спортчуларынын акыркы жеңиштеринин бири Ысык-Көл областында өткөрүлгөн “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдындагы республикалык мелдеште болду. Ага областтан 97 спортчу катышып, жыйынтыгында волейбол, тогуз коргоол боюнча биринчи орундарды, футбол боюнча 3-орунду ээлешти.

Областта спорт индустриясын өнүктүрүү жаатында аракеттер болууда. Быйылкы жарым жылда Аксы районунда 10 миллион 600 сомго спорт комплекси курулган.Андан тышкары, 6 кичи футбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген: Ала-Бука районунда — 1, Сузак районунда — 1, Ноокен районунда — 2, Тогуз-Торо районунда-1, Токтогул районунда  — 1.

Мурдагы пост

ТУРИЗМ ТАРМАГЫ КОЛГО АЛЫНАБЫ? Областта туризм өнүкпөй жатабы?

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ АЛТЫ ЖАШАР ШАХМАТЧЫ КАТЫШТЫ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ АЛТЫ ЖАШАР ШАХМАТЧЫ КАТЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ АЛТЫ ЖАШАР ШАХМАТЧЫ КАТЫШТЫ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In