Жалал-Абад областынын аймагында жалпысынан 1466 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашап турат. Мындай үй-бүлөлөр саны мурда 1643 болсо, анын 177си коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Кооптуу аймакта жашагандар ичинен 430 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алышкан эмес, ал эми жардам да, жер тилкесин да алып, бирок коопсуз жайга көчпөй койгон үй-бүлөлөр саны 1036.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облсттагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан алынган маалыматтарда 177 үй-бүлө көчүрүлгөндүгү тууралуу айтылат. Мындан Сузакта 66, Аксыда 61, Базар-Коргондо 22, Кара-Көлдө 3, Майлуу-Сууда 25 үй-бүлө коопсуз жайга көчүшкөн.
Андан тышкары, 93 үй-бүлө убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Анын ичинде Базар-Коргондо 18, Сузак районунда 48, Жалал-Абад шаарында 27 үй-бүлө туугандарыныкына көчүп чыгышкан.
Жергиликтүү бийликтер Өзгөчө кырдаалдар тармагынын өкүлдөрү менен элди коопсуз аймакка көчүрүү чараларын жүргүзүшүүдө. Быйыл Ноокен районунда 14 үй-бүлөнү, Кара-Көл шаарында 10 үй-бүлөнү жана Сузак районунда 7 үй-бүлөнү, жалпы 31 үй-бүлөнү коопсуз аймакка мажбурлап көчүрүү үчүн иш сот органдарына өткөрүлүп берилген. Коопсуз аймакка көчүү зарылдыгы тууралуу тийиштүү үй-бүлөлөргө 1616 эскертме берилген, анын 70и аткарылган, 77си аткарылууда, 1469у аткарыла элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнүн билдиришинче, Жалал-Абад областынын аймагында жалпы жер көчкүнүн саны 1760 болсо, анын ичинен 541и калктуу конуштарга кооптуу деп табылган.Кооптуу деп табылган 541 жер кѳчкүнүн аймагынын ичинен учурда өтө кооптуу аймактар такталууда.