Ачарчылык — COVID-19 пандемиясынан улам келип чыгуучу эң эле олуттуу көйгөй, бирок ал жалгыз көйгөй эмес. Көптөгөн өлкөлөрдө эң коркунучтуу илдеттерден сактап калуу үчүн балдарды эмдөө токтоп же үзгүлтүккө учурады, бүткүл дүйнөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болуп көрбөгөндөй темп менен өсүүдө. Өтө жабыр тарткан өлкөлөрдүн тургундарына жардам берүү үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) донорлордон 100,3 миллиард доллар сурап жатат.
Бул каражаттар COVID-19га карата жооп катары Глобалдуу гуманитардык планды ишке ашырууга жумшалмакчы. Бул план тууралуу март айында эле айтылган болчу жана ал убакта 2 миллиард доллар керектелет делген эле. Деген менен, ал керектелүүчү сумманын да азырга чейин 1,7 миллиард доллары гана алынды. Ал эми май айындагы кайра эсептөөлөр жардам үчүн 6,7 миллиард доллар керектелерин көрсөттү.
Жардам берүү планы кабыл алынгандан кийинки төрт эле айдын ичинде кырдаал ушунчалык татаалдашкандыктан, БУУнун кызматтары акыбалы эң кыйын делген 63 өлкөгө жардамга 100 миллиард доллардан ашуун каражат керек болорун айтып чыкты. БУУ белгилегендей, жыл башында жардам ала тургандар саны 110 миллион адам болсо, бүгүн ал көрсөткүч эки эседен көп – 250 миллион кишиге жетти.
-Ачка калгандар саны ушунчалык бат өсүп жатат, жыл аягынча чейин ал 270 миллионго жетиши ыктымал, — деп эскертет БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Йенс Лэрке. Анын Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы коллегасы Элизабет Бирс өнүгүп жаткан өлкөлөр пандемиянын айынан кирешелеринен кол жууп, тез эле жардамга муктаж абалга кептелишкенин тастыктайт.
-Дароо аракет кылыш керек, — дейт ал. — Эгер биз муну жасабасак, анда анда биз алысты көрө албаган болуп калабыз. Ачарчылыктын жана пандемиянын башка кесепеттеринин учурундагы аракетсиздик биз үчүн мындан да кымбат түшп калат.
Жардамга башкалардан көбүрөөк эсе Африканын, Латын Америкасынын өлкөлөрү, Азиянын Афганистан, Бангладеш сыяктуу мамлекеттери, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы Ирак, Сирия, Ливан жана Йемен муктаж болууда. Аларга жардам бергенге 4,9 миллиард доллар зарыл, дагы 500 миллион доллар массалык ачарчылыкты болтурбоого жумшалат.
БУУнун Балдар фондусунда (ЮНИСЕФ) таажы вирусунун балдарга карата узак мөөнөттүү, жада калса артка кайткыс кесепеттери болорун эскертип жатышат. Анткени пандемиянын алгачкы төрт айында акыркы 28 жыл ичиндеги биринчи жолу балдардын төрөлүшүнүн кескин кыскаруусу байкалды. Отуз өлкөдө балдарды кызамыкка каршы иммундаштыруу программалары үзгүлтүккө учурады же биротоло токтоп калды. Дээрлик 150 өлкөдөгү 1,2 миллиард бала мектептердин жабылганынан окуй албай албады. Бул деген балдардын психологиясына таасир этип, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө теңсиздик тереңдейт деген кеп.
БУУ пандемия башталып, карантин чаралары киргенден кийин бир нече жолу ар кайсы өлкөлөрдө аялдарга жана жаш кыздарга үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун тездик менен күчөп кеткенин жар салды. Анын эсеби боюнча, карантиндин ар бир үч айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кошумча саны 15 миллионго барат.
Ал эми БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы COVID-19дун чыр-чатактардан жана жаратылыш кырсыктарынан башын сактап жүргөн бозгундарга жана мигранттарга карата коркунучу тууралуу тынчсызданып жатат.
-Бүгүн таажы вирусу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде качкындардын жана аргасыз жер которгондордун көпчүлүгүн кабыл алгандарга да жайылды, — дейт башкармалыктын басма сөз катчысы Шабия Манту. – Бул атуулдардын саны бүгүн 79,5 миллионго жетет, деген менен алар таажы вирусунан эң эле корголбогондор.
БУУнун гуманитардык уюмдары “чоң жыйырмалыкка” кирген алдыңкы өнөр жайлуу державаларга гуманитардык планда каржы жардамын берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Эгер андай болбогон чакта, деп белгилешти алар, таажы вирусу дүйнөдө ээн-эркин саякаттап, бир нече он жылдар бою келаткан өнүгүүнүн жыйынтыктары жокко чыгып, кийинки урпактарга көйгөйлөр гана калат жана бүткүл дүйнөгө каргашалуу кесепеттерди алып келет.
Пандемиянын убагында жардамга биринчи кезекте эң эле корголбогондор муктаж болот: алар – шаардык жакырлар, ачарчылыкты баштан өткөрүп жаткандар, сексуалдык зомбулук коркунучундагы аялдар жана кыздар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана психикалык мандемдүү атуулдар, улгайган кишилер жана да балдар менен өспүрүмдөр.
Гуманитардык планда бир гана медициналык жардам эске алынбайт. Биринчи кезекте адамдарга азык-түлүк, таза суу, турак жай жагынан жардам берип, нормалдуу санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү, зордук-зомбулуктан коргоо жана жашаш үчүн керектелүүчү каражаттарды камсыз кылуу жагы каралган.
БУУнун баамында, пандемиянын кесепети менен бардык өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартты, деген менен донор өлкөлөр алгачкы алты ай аралыгында адаттан тыш берешендигин көрсөтүштү. Ошол эле кезде БУУ азыркы көйгөйлүү учурда мурда болуп келген “адаттагыдай” аракеттер натыйжа бере албасын эскертет.
-Бай өлкөлөр өздөрүнүн экономикасын көтөрүүгө жана жарандарын коргоого үлкөн каражаттарды жумшашууда, бул абдан туура нерсе, — деп айталыт БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын билдирүүсүндө. – Бирок, планетанын эң бир жардамсыз калган жарандарына жардам бербей коюу алысты көрө албагандык жана коркунучтуу болуп калат. Андай болбогон кезде COVID-19га байланыштуу жүз берген азыркы кыйынчылыктар дагы көп кесепеттерге алып келери анык.
Ошол эле билдирүүдө азык-түлүктүн жетишсиздиги жана ачарчылык адамдардын өз аймагын таштап кетүүсүнө, аргасыздыктарга тушугуусуна жана башка аймктарга да таркап кетүүчү чыр-чатактарга алып келет.
-Биз эл аралык донорлорду бул алардын милдети экенин гана эмес, алардын кызыкчылыктарына да туура келерлигин эске алуу менен берешендкти жана айкөлдүктү көрсөтүүгө чакырабыз, — деп тастыктайт БУУ.
Булак: https://news.un.org сайтынан которулуп алынды.