Быйылкы таажы вирусунун катаалдыгы да, өлкөдө түзүлгөн өзгөчө кырдаал да Жалал-Абад шаарындагы саясий интригаларга тоскоолдук боло алган жок. Шаардагы саясий конструкция өзгөрүүгө учурап, ушу тапта шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициясы өзгөрүп, шаардык кеңештин төрагасы да алмашып кетти. Ал эми мурунку коалицияда турган айрым депутаттык фракцияларга тийиштүү кызматтык квоталарды жаңы коалициядагылар бөлүп кетишти.
Шаардык кеңештин төрагасын алмаштыруу аракеттери айрым депутаттык фракциялар, депутаттар тарабынан өткөн жылы эле катуу көтөрүлгөн. Төрагалык орунду алуу азгырыгына бир катар депутаттар тушуккан, бирок жаңы төрага алып келүү аракеттери оңунан чыкпай калган. Эми бул иш Кыргызстанда элдин баары таажы вирусунун көйгөйү менен алек болуп жаткан убакта ишке ашып, бул тууралуу негедир маалымат айдыңында деле анчалык кеп болгон жок.
Ошентип, быйылкы 18-июнь күнү болгон шаардык кеңештин сессиясында төрага Айбек Джолдошевдин (КСДП фракциясынан) кызматты тапшыруу жөнүндө арызы каралып, канааттандырылган жана анын ордуна ошол эле фракциядан Адил Жоробаев төрага болуп шайланган. Буга чейин депутаттар мурдагы “Ак ниет” көпчүлүк коалициясын бузуу жана жаңыдан “Жаңы кадам” көпчүлүк коалициясын түзүү чечимине келишкен эле.
Эскерте кетсек, “Ак ниет” көпчүлүк коалициясы 2018-жылы 2-июнда түзүлүп, мурдагы “Ийгилик” көпчүлүк коалициясынын ордуна келген. “Ак ниет” көпчүлүк коалициясына шаардык кеңештеги КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан», “Республика” фракциялары кирип, «Ата-Журт» жана «Кыргызстан» фракциялары азчылыкта калышкан. Бул көпчүлүк коалиция мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп турган Мураталы Тагаевди шаар мэринин кызматына сунуштаган жана шайлаган.
Мына эми эки жылдан кийин “Ак ниет” анчалык деле ак ниет болбогонбу, айтор жаңы кадам жасагысы келгендер башка конструкцияны түзүштү. Азыр “Жаңы кадам” көпчүлүк коалициясында КСДП, “Ата-Журт”, “Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары бар, шаар мэринин саясий тиреги болуп келген “Өнүгүү-Прогресс” менен “Мекеним Кыргызстан” фракциялары азчылыкта калышты.
Алынган маалыматтарга караганда, “Жаңы кадам” көпчүлүк коалициясына кирген фракциялар “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына тиешелүү 4-5 кызматтык квотаны бөлүп алышкан. Мисалы, ал кызматтардын ичинде шаар мэринин биринчи орун басары, соода департаменти, жүргүнчүлөрдү ташуучу мекеме сыяктуулар бар. Өз ара келишим боюнча, шаар мэринин биринчи орун басары “Ата-Журт” фракциясына берилгендиги тууралуу да маалымат бар. Деген менен, бул келишимдик шарттар азырынча иш жүзүнө ашырыла элек.
Айрым депутаттардын пикирине ишенсек, шаар мэрин алмаштыруу маселеси азырынча күн тартибинде жок. Бирок, келечекте күн тартибине кирип да калышы ыктымал.