Таажы вирусу №1 душман бойдон калууда
Таажы вирусу (Covid-19) Кыргызстандагы эки айлык карантинге да карабастан улам күчөп, азырга чейин адамдардын өмүрүн алып кетүүдө. Кээ бирөөлөрү бул таажы вирусунун 2-толкуну Кыргызстанга жетип келди десе, айрымдары бул оорунун массалык таркалышынын баштапкы стадиясы гана деп эсептешүүдө. Кантсе да таажы вирусу коомубуздун көп жылдан бери чечилбей келе жаткан мамлекеттик саясаттагы, экономикадагы, медицинадагы толгон-токой проблемалардын бетин гана ачпастан, социалдык-психологиялык деңгээлдеги проблемаларды да алып чыкты.
Мисалы, жер-жерлерде алгачкы обсервацияларды түзүү аракетинде кошуна же жакын жайгашкан аймактарда жашаган тургундардын маалыматынын жоктугунанбы же туура эмес тараган маалыматтан уламбы, айтор бул оору бизге дагы жугат деп, негизсиз кооптонуулар болгон. Оруп жаткан же ооруп айыгып чыккан адамдарга карата да түшүнбөөчүлүк же стигма проблемасы да жок эместигин мезгил көрсөттү. Бирок, бул айдыңда жакшы көрүнүштөр да болбой койгон жок. Алар – жергиликтүү ыктыярчылар тооптору, ушундай кыйынчылык убакта өздөрүн аябай, ден-соолугун тобокелге салып, күнү-түнү өз колунан келген жардамдарын муктаж болгондорго ыкчамдык менен көргөзүп келе жаткандар.
Ошол эле учурда, тилекке каршы, терс көрүнүштөр да орун алууда. Мисалы, оорулуулардын туугандары чыдамы жоктугунанбы же сабырсыздыктанбы, айтор медицина кызматкерлерге асылып, кезексиз жана тездик менен жардам көрсөтүүнү талап кылып, абалга түшүнүү менен карабай, аларга басым жасаган учурлары болду. Ал эми элдин муктаждыгын өз кызыкчылыгына пайдаланган аптекачылар, ортомчу соодагерлер дары-дармектердин жетишсиздигинен ашыкча пайда таап калууга аракеттенгендер убагы келгенде жооп берет деп ишенип туралы.
Көптөгөн жарандарыбыз санитардык нормаларды дагы эле толук (көпчүлүктүн арасында беткап тагынбагандар арбын) сактабай келгендиги илдеттин тездик менен тарашынын бир себеби бойдон калууда. Себеби, чет-өлкөлөрдө, мисалга ала турган болсок, Сингапур, Жапан жана Вьетнам өлкөлөрүндө жарандар бири-бирин көзөмөлдөп, коомдогу эрежелерге толук баш ийүү менен беткап колдонуу аркылуу оорулулардын санынын кескин азайышына салымын кошушту. Албетте, жогоруда айтылган мамлекеттерде саясий чечимдерди кабыл алуу жана саламаттыкты сактоо системасы Кыргызстандагыдан бир топ айырмаланганы менен алар да Азияда чөлкөмүндө жайгашып, үй-бүлө жана тарбия баалулуктарыбыз окшош келет.
Дагы бир эл арасындагы көйгөй — бул кайдыгерлик жана кенебестик. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине таянсак, таажы вирусунун курмандыгы болгон ар бир бешинчи адам оорусу күчөп кеткенде жана оор абалга жеткенде гана ооруканаларга кайрылган. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул деген илдетке душар болгон адамдар өз алдынча даарыланууга аракет кылышып, айыгып кетүү үмүтү менен оорунун жеңил формасында көпкө чейин жүрө беришкен. Ар бир адамдын организми бири-биринен айырмаланып, дарылоонун өзгөчөлүгүн талап кылышы мүмкүн. Албетте, башка себептер да болушу ыктымал. Бирок, дарыгерлерге кеч кайрылган жарандар оорунун тездик менен тарап, өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурат деп ойлошкон эмес. Ошондуктан да баштапкы абалдары жеңилирээк көрүнүп, буга кош көңүл карашкан. Натыйжада көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып калууда. Жогорудагы себептен улам өзүбүздүн жашообузга жана жакындарыбыздын ден-соолугуна аяр мамиле жасап, жоопкерчиликти сезип, бергелешип аракет кылуу канчалык зарыл экени көрүнүп турат.
Таажы вирусу жарандардын жашоосуна кандай таасир этти?
Биз, Жалал-Абаддагы демилгечилер тобу “Симбиоз-2020” долбоорунун алкагында ушул жылдын июнь айынан тартып бир нече иш-чараларды аткарып келдик. Анын ичинде Жалал-Абад облусунун Казысы, кийинчерээк таажы вирусу менен күрөшүү максатында түзүлгөн областтык штабдын өкүлү менен кенен маектерди даярдап, элге сунуш кылдык. Андан сырткары, ушул июль айында Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Сузак районунун Барпы жана Ырыс айыл аймактарынын жергиликтүү жамаат өкүлдөрү менен жолугушуп, таажы вирусуна байланышкан суроолор боюнча маалыматтык чогулуштарды өткөрдүк. Ал чогулуштарда, таажы вирусу жөнүндө туура жана ишеничтүү булактарга таянган маалыматтын жетишсиздиги жергиликтүү тургундар үчүн негизги көйгөй болуп жатканы аныкталды.
Ошондой эле, чогулуштун жүрүшүндө жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү арасында мини-сурамжылоо иштерин алып барып, алардын бул илдет боюнча ой-пикирлерин, өз жашоосундагы бул илдеттин таасирлери тууралуу билүүгө аракет жасадык. Мисалы, Барпы айыл аймагында “Таажы вирусу илдетине байланыштуу карантин киргизилгенден бери сиздин жашооңузда жана ишиңизде кандай өзгөрүүлөр жана байкоолор болду?” — деп суроо салып, катышуучуларга жазуу түрүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүүн сураганбыз.
Беш киши “тиричилик, иш, акча деп күндө алаксып жүрө бериппиз, чыныгы баалуулуктарды түшүндүк, мисалы үй-бүлө, ата-эне, бир-туугандарың менен болгон мамилени” деп жооп беришти.
Дагы 3 киши “ден-соолук, эс алуунун баркын биле баштадык” деп жооп берди. Дагы ошончо эле киши “санариптештирүүнү, онлайн сабактарга же чогулуштарга, конференцияларга, вебинарларга катышып, турмушта колдоно баштадык” деди.
Төрт киши “салттагы той-тамаша жана өлүм-житимдердеги ашыкча чыгымдардын азаюусуна жакшы таасир тийгизди” деп баалады. Айрым тургундар “дүйнө, коомчулук тартипке түшө баштады”, “аң-сезим өсүп, эмне биринчи, эмне экинчи орунда турарын приоритет кылып түшүнө баштадык”, “убакытты үнөмдөөнү үйрөндүк” деген пикирди билдиришти.
Эки киши “чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болду” десе, дагы ошнчо киши “аралыкты сактап, тазалык гигиеналарын сактап, иштеп баштадык” дейт. Төрт киши “чыгымдар азайып, үй-бүлөлүк бюджетибизге жеңилдик жаралды”, дагы 4 киши “адамдар корко башташты, ошондон мен да корко баштадым” деп жазган.
Бир киши “ишимде өзгөрүү болгон жок” десе, 3 киши “вирус бар экенине ишенип калдым”, дагы 1 киши “мектеп балдары жана студенттердин билим алуусуна тоскоолдук жаралды жана билими төмөндөдү” дешкен. Бир киши “жумушсуздук көбөйдү”, 2 киши “экономикага терс таасирин тийгизди”, дагы 2 киши “туура маалымат таркатылуусу зарыл, туура эмес маалымат таркаткандарга катуу чара колдонуу керек”, 1 киши “эл экономикасы кыйналды”, дагы 1 киши “мамлекет короновируска каршы мобилдүү конкреттүү күрөшө албай жатканын сездим” деп жыйынтык чыгарган.
Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында деле ушундай жергиликтүү жамаат өкүлдөрү менен жолушугууда таажы вирусунун алардын жашоосуна тийгизген таасирин билгибиз келди. Биз каларга “Ковид-19 илдетине байланыштуу карантин киргизилгенден бери сиздин жашооңузда жана ишиңизде кандай өзгөрүүлөр болду?” деген суроону узаттык.
Алардан 1 киши “биздин айылда көпчүлүк дыйканчылык кылгандыктан, карантин убагында базарга барганга шарт жок болуп, мөмө-жемиш арзандап, дыйкандар зыян тартты” деген пикирин жазган. Жети киши “тиричилик, иш, акча деп күндө алаксып жүрө бериппиз, чыныгы баалуулуктарды түшүндүк, мисалы үй-бүлө, ата-эне, бир-туугандарың менен болгон мамилени” деп жооп беришти.
Беш киши “ден-соолук, эс алуунун баркын биле баштадык” десе, 1 киши “санариптештирүүнү, онлайн сабактарга же чогулуштарга, конференцияларга, вебинарларга катышып, турмушта колдоно баштадык” деди. Алты киши “салттагы той-тамаша жана өлүм-житимдердеги ашыкча чыгымдардын азаюусуна жакшы таасир тийгизди” деп баалады.
Үч киши “дүйнө, коомчулук тартипке түшө баштады”, дагы 3 киши “аң-сезим өсүп, эмне биринчи, эмне экинчи орунда турарын приоритет кылып, түшүнө баштадык” 3 адам дейт. Төрт киши “аралыкты сактап, тазалык гигиеналарын сактап, иштеп баштадык”, 1 киши “шаарга, парктарга барууну токтоттук, үй-бүлөбүз менен”, 3 киши “чыгымдар азайып, үй-бүлөлүк бюджетибизге жеңилдик жаралды”, 1 киши “адамдар корко башташты, ошондон менда корко баштадым” деп жооп берген.
Дагы 1 киши “ишимде өзгөрүү болгон жок” десе, 3 киши “вирус бар экенине ишенип калдым”, 4 киши “жумушсуздук көбөйдү”, дагы 4 киши “экономикага терс таасирин тийгизди”, 1 киши “туура маалымат таркатылуусу зарыл, туура эмес маалымат таркаткандарга катуу чара колдонуу керек” деп, 6 киши “элдин экономикасы кыйналды”, 3 киши “мамлекет короновируска каршы мобилдүү, конкреттүү күрөшө албай жатканын сездим” деп баалайт.
Эки киши “кошуналар менен болгон мамиле азайды”, 4 киши “жумуш азайды, пайда азайды, базарда соода кылат элем”, 2 киши “баалар кымбаттады”, 2 киши “ооруган адамдар көбөйдү”, 1 киши “аптекада дары-дармектердин баасы кымбаттады”, дагы 1 киши “ дүйнөдө элдердин проблемасы окшош экенин түшүндүм” деп жооп берди.
Жогоруда көрүнүп тургандай, айыл тургундарынын жашоосунда, көз караштарында, жүрүм-турумунда таажы вирусунун таасири болуп, кайсы бир сапаттык өзгөрүүлөр орун алып жатат. Тургундар өз жашоосуна, аракеттерине өздөрү сын көз менен карап, туура багыт алууга аракет жасап жатышкандай.
Алдыдагы майрамдарда чоң тобокелдик бар
Алдыда массалык майромдоо иш-чаралары, андагы чоң тобокелдик күтүп турат. Алар — диний Курман Айт майрамы. Бул жылы Курман айт 31 июль күнү белгилене турганын Муфтият маалымдады. Анын үстүнө бул майрам аптанын Жума күнүнө туш келип, андан кийнки ишемби жана жекшемби күндөрү жумуш күнү болбогонуна байланыштуу көпчүлүк жарандар алыстагы туугандарына, шаардыктар айылдагы туугандарын, өтүп кеткен жакындарын эскерүүгө барууну пландап жаткандыр. Демек, жол жүргөн, базарга каттаган жарандардын саны да көбөйөт дегендик.
Мындан сырткары, бир айдан кийин 31 августта Кыргыз Республикасынын чоң расмий майрамы болуп эсептелген Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы белгиленет. Бул майрамдар канчалык масштабдуу жана маанилүү болбосун, элдин ден-соолугу баарынан жогору турарын эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан да коомубуздун ар бир жараны өзүнүн жеке жоопкерчилигин күчөтүүсү абзел.
Биз тарыхтан жогорудагы айтылгандарды ырастаган көп мисалдарды билебиз. Мисалы, Испан ылаңы 1918 жылы Европа жана Америка өлкөлөрүндө тездик менен тарап, 50 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган. Бул оору Испаниянын борбор шаарында жыл сайын өтүлүүчү фермерлердин майрамынан кийин тездик тарап кеткен жана чоң жоготууларга алып келген. Ошондуктан Муфтият менен тийиштүү бийлик органдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жамаат башчылары майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө абдан кылдаттык менен иш алып барышы абзел. Элге туура түшүндүрүп, даярдык менен иш алып барышса, жакшы натыйжа береринде шек жок.
Эркин КАМАЛОВ,
Жалал-Абад шаары.
Бул маалыматтык материал жарым—жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.