Жаңы таажылуу вирус кечээ сырттан коркутуп келсе, эми арабыздан табылып, кыйла дүрбөлөң түштүк. Эми болсо, бул илдеттин алдын алуу жана айыктыруу жагынан кыйын чыкма “эксперттер” козу карындай жайнап кетти. Социалдык тармактарда ар кимиси өзүнүн “рецептерин” жазып, жаман илдеттен үркүп калган карапайым калктын башын айландырышууда. Деген менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) бул багытта өзүнүн көрсөтмөлөрүн таркаткан. Аны билип коюу ар бирибизге ашыкча болбойт. Ушул максатта биз ДСУнун социалдык тармактардагы көрсөтмөлөрүн өз алдыбызча кыргызчалап, окурмандарга сунуш кылдык.
* * *
Дүйнөлүк саламакттык сактоо уюмунун жаңы таажылуу вирустун (2019-nCoV жайылышына байланыштуу калкка көрсөтмөлөрү:
COVID‑19 вирусунун козгогучу аптаптуу-нымдуу климат аймагында таркайт.
Ушул кезге чейинки маалыматтарга ылайык, COVID‑19 вирусунун козгогучу БАРДЫК АЙМАКТАРДА, анын ичинде аптаптуу-нымдуу климат аймагында да таркай берет. Эгер сиз COVID‑19 барлыгы аныкталган аймакта жашасаңыз же ошол жакка жөнөсөңүз, анда климаттык шартка карабай сактануу чараларын көрүңүз. Колду бат-бат жууп туруу COVID‑19 вирусунан жеке сактануунун мыкты шарты болуп саналат. Бул чара колдун вирустук булганышын жокко чыгарып, колуңуз менен көздү, оозду же мурунду кармалаганда жугуп калышын болтурбайт.
Күн суук жана кар жааган аба ырайында көчөгө чыгуу жаңы таажылуу вирусту (COVID‑19) жок кылууга ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ.
Соо адамдын дене табы айлана-чөйрөнүн же аба-ырайынын температурасы кандай экендигине карабастан 36,5 — 37 градустун чегинде болот. Ошондуктан аба муздак кезде көчөгө чыгуу жаңы таажылуу вируска же башка инфекцияларга каршы күрөшүүдө жардам берет деп ойлобош керек. Жаңы таажылуу вирус инфекциясынын (2019-nCoV) алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы колду спирттүү антисептик каражаттары менен иштетүү же сууга самындап жууп туруу эсептелет.
Ысык ванна жаңы таажылуу вирус инфекциясына каршы жардам бере албайт.
Ысык ванна алуу COVID-19 вирусунан сактап кала албайт. Ваннадагы же душтагы суунун температурасына карабастан нормалдуу дене табы 36,5 — 37 градустун чегинде болот. Тескерисинче, өтө эле ысык ванна кабыл алуу зыян келтирип, терини күйгүзүп коюшу ыктымал.
COVID-19 вирусунан коргонуунун эң мыкты жолу – колду бат-бат жууп туруу. Бул колго жармашкан вирустарды жок кылууга шарт түзүп, оозду же мурунду кармалаганда жугуп калышын болтурбайт.
Жаңы тажылуу вирус чиркейдин чакканы аркылуу ЖУКПАЙТ.
Жаңы тажылуу вирус – респиратордук вирус, негизинен абадан, башкача айтканда, дем алып жатканда, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оорулуунун дем алуу жолдорунан чыккан майда тамчылар, шилекей аркылуу жугат.
Азырынча 2019-nCoV вирусунун чиркейдин чагышы аркылуу жугушу мүмкүн экени тууралуу маалымат жок. Инфекциядан сактануу үчүн дене табы жогорулаганы байкалган же жөтөлгөн кишилерден обочороок туруу зарыл, ошондой эле колдун жана респиратордук гигиена эрежелерин сактоо абзел.
Электр кол кургаткычтары 2019-nCoV вирусун жок кылууга жардам берери чынбы?
Жок. Электр кол кургаткычтары 2019-nCoV вирустарын өлтүрбөйт. Жаңы таажылуу вирустардын алдын алуу үчүн колду бат-бат спирттүү антисептиктер менен тазалап, сууга самындап жууп туруу керек. Жуулган колду кагаз сүлгү же электр кол кургаткычы менен таза аарчыш зарыл.
Дезинфекциялоо үчүн ультракөгүш лампа (УФ-лампа) жаңы таажылуу вирусту (nCoV) жок кылууга жардам берет дегени чынбы?
УФ-лампаны колду же теринин башка участокторун стерилизациялоо үчүн колдонбош керек, анткени ультракөгүш нурлануу теринин эритемасын (дүүлүгүшүн) пайда кылат.
Жаңы таажылуу вирустан сактанууга жардам берүүчү бардык алдын алуу чараларынын тизмеси менен таанышып алуу сунушталат.
Денени этанол же хлор улпагы менен иштетүү жаңы таажылуу вирусту (nCoV) жок кылууга жардам берет дегени чынбы?
Жок. Бүткүл денени спирт же хлор улпагы менен иштетүү организмге кирген вирусту жок кыла албайт. Мындай заттарды денеге чачуу кийимге жана былжыр челге (башкача айтканда, көзгө, ооз көңдөйүнө) зыян келтириши ыктымал. Спирт да, хлор улпагы да үстүңкү тери бетин дезинфекциялоо үчүн натыйжалуу каражат эсептелиши мүмкүн, бирок аларды тийиштүү учурларда жана эрежелерди сактап колдонуу зарыл.
Жаңы таажылуу вирустан сактануу үчүн бир канча алдын алуу чаралары бар. Адегенде колду бат-бат спирттүү антисептиктер менен тазалап, сууга самындап жууп туруу керек.
Мурунду бат-бат туз эритмеси менен жууп туруу жаңы таажылуу вирустан сактанууга жардам береби?
Жок. Мурунду бат-бат туз эритмеси менен жууп туруу жаңы таажылуу вирустан сактанууга жардам берерлиги тууралуу илимий маалыматтар жок.
Айрым маалыматтарга караганда, мурунду туз эритмеси менен бат-бат жууп туруу адаттагы суукка урунуудан айыгууну тездетиши мүмкүн. Бирок респиратордук инфекциялардын алдын алуучу каражат катары мурунду бат-бат жууп туруунун натыйжалуулугунун далили жок.
Сарымсак пияз жаңы таажылуу вирустун жугуп калышынан сактайбы?
Сарымсак пияз – микробдорго каршы касиети бар адамдын ден соолугу үчүн пайдалуу продукт. Деген менен, азыркы көйгөй учурунда сарымсак пияздын жаңы таажылуу вирус ылаңынын алдын алуучу натыйжалуу каражат экенине эч кандай тастыктама жок.
Жаңы таажылуу вирус кары-картаңдарга гана жугаары чынбы, же жаштар да бул инфекцияга дуушар болушабы?
Жаңы таажылуу вируска (2019- nCoV) бардык жаш курактагылар дуушар боло беришет. Белгилүү болгондой, кары-картаңдардын, айрым илдети (астма, диабет, жүрөк оорулуулар) барлардын жаңы таажылуу вирус инфекциясынын оор формасына кептелүү тобокелдиги арбын.
ДСУ бардык жаш курактагыларга жуктуруп алуудан колдун жана жөтөлүүнүн гигиенасын сактоо аркылуу сактануу чараларын көрүүнү сунуш кылат.
Антибиотиктер жаңы таажылуу вирус инфекциясынын алдын алуунун жана дарылоонун натыйжалуу каражаты болуп эсептелеби?
Жок, антибиотиктер вирустарга каршы таасир этпейт. Алар бактериалдык инфекцияларды гана дарылай алышат.
Жаңы таажылуу вирус (2019-nCoV) – бул вирус, ошондуктан да антибиотиктерди жаңы таажылуу вирус инфекциясынын алдын алууга жана дарыялоого колдонууга болбойт.
Деген менен, 2019-nCoV инфекциясы менен жаткырылган бейтаптарга кошумча илешкен бактериалдык инфекцияларды дарылоо максатында антибиотиктер колдонулушу мүмкүн.
Жаңы таажылуу вирус инфекциясынын алдын алуучу жана аны айыктыруучу дарылык каражаттар барбы?
Азыркы тапта жаңы таажылуу вирус (2019-nCoV) тарабынан пайда болгон инфекциянын алдын алуучу жана айыктыруучу атайын сунуш кылынган дарылык каражаттар жок.
Деген менен, жугузуп алган бейтаптарга жеңилдеши жана симптомдорду жоготуу үчүн зарыл медициналык жардам берилиши ылаазым, ал эми ооруунун оор формасындагы бейтаптарга тийиштүү көмөк берүүчү терапия камсыз кылынышы зарыл. Азыркы кезде жаңы таажылуу вируска каршы атайын дары каражаттарын табуу боюнча иш алып барылууда, алар клиникалык сыноодон өтүшү тийиш. ДСУ бир катар өнөктөрү менен жаңы дары каражаттарын табууну тездетүү максатында көмөк көрсөтүп келет.